Дүйшөнбек Зилалиевге айыбы угузулду

Экс-вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевге карата кылмыш иши боюнча тергөө аяктады. Бул тууралуу  УКМКнын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, УКМК Зилалиевге карата козголгон кылмыш ишин тергеп бүтүп, Кылмыш-жаза кодексинин 228-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган кылмыш белгилери боюнча айыбын угузду. Шектүү жана анын адвокаттары таанышып бүткөн соң кылмыш ишинин материалдары андан ары сотко жөнөтүш үчүн Башкы прокуратурага жиберилет. УКМКнын тергөө органдары Зилалиевге карата эч жакка кетпөө тууралуу тил кат берүү түрүндө бөгөт чарасын тандап алган.

Эске сала кетсек, 2017-жылдын 24-ноябрында президент Сооронбай Жээнбековдун инаугурациясы күнү бомба коюлганы тууралуу жалган маалымат таратуу фактысы боюнча Зилалиевге карата кылмыш иши козголгон. Ал күнү Зилалиев укук коргоо орган кызматкерлеринин бирине боммба коюлгандыгы тууралуу маалымат билдирген деп болжолдонууда. Бирок экс-вице-премьер бул маалыматты четке кагып келген.