Бүгүн Бишкекте айрым маршруттар гана эл ташып жатат. Тизме

Бүгүн, 3-апрелде, Бишкекте маршруткаларынын айрым бөлүгү гана жумушка чыкты.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин билдиргенине ылайык, 100, 101, 103, 110, 114, 117, 118, 129, 130, 131, 132, 136, 138, 145, 147, 152, 162, 164, 166, 167, 172, 175, 179, 199, 200, 202, 211, 212, 214, 215, 223, 226, 243, 252, 269, 285, 333, 344, 305 номерлүү маршруттук таксилер каттамга чыкканын жазышууда.

Транспорт маселелери боюнча вице-мэр Геннадий Милицкий маршруттук таксилердин басымдуу бөлүгү каттамга чыкканын билдирди.

«Ар кандай кырдаал болуп жатат, мисалы, бир каттамдагы 40 маршруттун ордуна беш же үч, айымдары 12ден чыгарып жатат. Айдоочулар коркутуп коюптур, чочулап турушат. Мага бүгүн да кайсы бир кишилер унааларын токтотуучу жайга барып терезесин талкалап кетебиз деп коркутуп жатканын айтышты. Алар колуна таш кармап, каттамга чыкпашын талап кылышууда», — деди Милицкий.

Ошондой эле ал учурда милициянын 13 тобу түзүлүп, маршруттук таксилерге кол салуу жана чагымчыл аракеттерге байкоо сала турганын кошумчалады.

Белгилей кетсек, Бишкекте 41 жеке фирма эл ташыйт. Калаада күнүнө 2700дөн ашык кичи автобус 122 каттам боюнча иштеп келген. Ошондой эле 21 каттам менен 250дөн ашык автобус, троллейбус калкка кызмат көрсөтөт.

Кечээ, 2-апреде, Бишкектеги маршруттук таксилердин айдоочулары тарифи жогорулатып, жүргүнчүлөрдү милдеттүү түрдө камсыздандырууну жокко чыгаруу талабы менен иш таштап, каттамга чыккан эмес. Анын кесепетинен аялдамада кезек күткөндөр көп болуп, коомдук транспортко эл батпай калган.

Шаардык транспорт башкармалыгынын жетекчи орун басары Нурлан Атыканов кечеээ саат 14:00дө журналисттер менен болгон жолугушууда бир нече сааттын ичинде айдоочулар каттамга чыгат деп маалымадаган.Кечинде абал өзгөргөн жок, коомдук транспортту күткөн кишилер дагы деле көп, айдоочулар каттамга чыккан эмес. Ошентип күнүнө 2700 маршрутка жүргөн шаардын тургундары бир күнгө троллейбус, автобус, таксилерге күнү түшкөн.

Ал эми өкмөт башчы Сапар Исаков кандай талап коюшпасын баары бир мыйзамдын чегинде иштөөгө милдеттүү экенин белгилеген. Ошондой эле ал айдоочулардын иш таштоосуна тиешелүү мекемелердин жең ичинен сүйлөшүлгөн коррупциялык схемалары түрткү болгонун айтып каарданган.