Бишкекте бийлик барбы?

Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу”


Борбор калаа жүргүнчүлөрдү ташуу каттамдарынын кожоюндарынын барымтасында.

Кечээ, Бишкек шаарында 119 каттамдагы 3 миңден ашуун маршруттук кичи автобустун айдоочулары иш ташташып, натыйжада Кыргызстандын борбору транспорттук коллапста калды. Миллионго чукул калкы бар Бишкек шаарынын миңдеген тургундары жумуштарына бара албай кыйынчылык жаралса, жаңы эле жазгы каникулдан кийин 100 миңден ашуун окуучу мектептен, миңдеген бөбөктөр бала бакчадан калышты.

Маршруттук кичи автобустун айдоочуларынын нааразылыгын, бир сөз менен айтканда борбор калаадагы кечээги транспорттук коллапс абалын эмне менен түшүндүрсө болот? Бишкек мэриясы өз ыйгарым укуктарынын чегиндеги милдеттерин толук кандуу аткарууга жарамсыздыгы мененби? Же маршруттук каттамдарга ээлик кылган кожоюндардын “шаарда ким кожоюн?” деген текебердиги мененби же маршруттук кичи автобус айдоочуларынын өзүм билемдиги, “узун акчанын” артынан кубалаган жоопкерсиздиги, мыйзамды сыйлабаганы, мамлекет ичиндеги мамлекетке айланганы мененби? Бир сөз менен айтканда, Бишкек шаарындагы кечээги абал үчүн кимдер жооп бериши керек? Айтор, суроолор көп…

Адатта, цивилизациялуу мамлекеттерде кечээгидей транспорттук коллапс жаралганда, шаар бийлиги үчүн же шаардык транспорт башкармалыгынын жетекчилери өз милдеттерин толук кандуу аткара албагандыгы үчүн отставкага кетет! Учурда, мэрия басма сөз кызматынын оозу менен, маршруттук кичи автобус айдоочулары иш таштоого чыга турганын билбей калганын айтып актанып жатышат. Бул албетте, күлкү келерлик.

Шаар бийлиги айдоочулар иш таштоого чыга турганын билбеген болсо, анда “Бишкекте бийлик барбы?” деген мыйзамдуу суроо жаралат. Шаар бийлиги шаардагы кыбыр эткен нерсенин баарын алдын ала билүүгө тийиш, эгер шаар бийлиги ар кандай күтүүсүз нерсеге даяр турбаса, Кыргызстандын борбор калаасында ким көрүнгөн эле бийлик жүргүзүп, ар кандай диверсиялар болуп кетпесине кандай кепилдик бар!

Эми иш таштагандарга келели. Биринчиден, биз мында карапайым айдоочуларды күнөөлөгөндөн алыспыз. Кеп, карапайым айдоочуларда эмес, алардын кожоюндарында. Болгондо да ал кожоюндар Бишкек шаардык кеңешинин мурдагы депутаттары, мурдагы мамкызматкерлер экендигинде! Журналист А.Оторбаева социалдык түйүндөгү өзүнүн постуна: “41 перевозчиком владеют бывшие депутаты городского кенеша, чиновники, бывшие чиновники и у них мощное лобби. Не мэрия диктует им условия, а они мэрии, правительству. Это не первая забастовка маршруточников. Периодически они показывают, кто в доме хозяин, требуя повышения тарифа на свои услуги” деп жазса, белгилүү журналист  Курманбек  Мамбетов  маршруттук кичи автобус айдоочуларынын иш таштоосун экономикалык диверсия катары баалады.

Биз калемдештердин айткандары менен толугу менен макулбуз, Бишкектеги кечээги абал бул экономикалык диверсия гана эмес, бул саясый да маселе. Ушул өңүттөн алганда, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Ички иштер министрлиги менен биргеликте Бишкектеги маршруттук такси айдоочуларынын иш таштаганын териштиргени жатканы мыйзамдуу жана өз убагындагы иш деп эсептейбиз. Себеп дегенде, шаар тургундарынын айтымдарында, ишке чыгышкан айдоочуларды иш таштагандарбы, айтор белгисиз адамдар токтотуп, ичиндеги жүргүнчүлөрдү түшүрүп, өздөрүн сабап салышкан фактылар болуптур. Мындай ээн-баштык фактылары көз жаздымда калбай, тыкыр териштирилүүгө тийиш.

Ал фактыларды айтпаганда, качанга чейин Кыргызстандын борбору болгон Бишкек шаары маршруттук каттамдардын кожоюндарынын барымтасында калат?

Эми карапайым айдоочулар тууралуу айтсак, маршруттук кичи автобустун айдоочулары өздөрүнүн бул кадамдарын милдеттүү түрдө камсыздандыруу полиси киргизилгендиги, жол эрежесин бузуу үчүн айыптар эки эсеге өскөнү, бирдиктүү форманы киргизүү менен байланыштырууда. Арийне,

миңдеген шаардык жүргүнчүлөрдүн атынан айта турган болсок, камсыздандыруу полиси, же бирдиктүү форма киргизилгени иш таштоого эч кандай себеп болбошу керек болчу. Айтымда, шаар ичинде эл ташыгандар камсыздандыруу полиси үчүн жылына (!) ар бир орунга 136 сом 6 тыйын төлөшү керек экен.

Эгер, маршруткада 10 орун болсо, жылына ашып кетсе 1360 сом төлөнөт. Бул эң жөнөкөй арифметикалык эсеп. Мамлекеттик камсыздандыруу  полиси  –  бул  жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыздоо деген кеп. Мындан маршруттук кичи автобустун айдоочусунун чөнтөгүнө эч оордук келбейт. Бирдиктүү форма деле ошол. Биерде маселе жок.

Ал эми жолдо жүрүү эрежелерин бузуу үчүн айып пулдун эки-үч эсе көбөйгөнү бул башка маселе. Бул жагынан алганда, маршрутчулардын нааразылыгын түшүнсө болот. Эгер, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери маршруттук кичи автобустан айып пул алгысы келсе, андан миң себеп табат, андайда айдоочуга мыйзам да жардам бере албайт. Акыркы жылдарда жол кырсыктары көбөйүп, жол кырсыктарынан улам жүргүнчүлөрдүн арасында өлүм көп болуп жатканын, анын алдын алуунун бирден бир жолу жол эрежесин бузуу үчүн айып пулдарды көбөйтүү деп жатышып, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматын тейлегендер айып пулдарды чен-өлчөмсүз көбөйтүп алышты. Арийне, тилекке каршы жол эрежесин бузуу үчүн айып пул көбөйгөн менен, жол кырсыктары, анын айынан өлгөндөр азайган жок, кайра көбөйүп жатат. Демек, жол кырсыктарын жол эрежелерин бузгандарга айып пулду көбөйтүү аркылуу чече албайбыз, маселе башкада. Айып пулдардын көбөйгөнүнөн жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо тармагында иштегендер эле маарып, акчага туйтунуп, коррупция күч алып жатпаса башка натыйжа бере элек.

Кыскасы, болор иш болду. Эгер, шаарда муниципалдык транспорт жетиштүү болгондо кечээгидей абал эч жаралмак эмес. Андыктан, шаар бийлиги Бишкек шаарын толугу менен муниципалдык транспорт менен камсыз кылмайынча, Бишкек — борбор шаардын жолдоруна кожоюндук кылгысы келгендердин барымтасында кала берерин эч качан эсинен чыгарбоого тийиш.