Кытай учактары АКШ учкучтарын коркутту

АКШ армиясы билдиргендей, окуя Чыгыш Кытай деңизинин үстүндө 17-майда болгон. Кытайдын СУ-30 үлгүсүндөгү эки учагы АКШнын радиация аныктоочу WC -135 учагынын жолун тороп чыккан.

АКШ аскер аба күчтөрүнүн өкүлү алардын учагы эл аралык аба мейкиндикте адаттагы миссия менен жүргөнүн айтып, кытайлык учкучтардын аракетин “профессионалдык” эмес деп мүнөздөдү жана бул окуя боюнча Пекинге “дипломатиялык жана аскерий каналдар” аркылуу кат жөнөтүлгөнүн кошумчалады.

СНН телеканалы америкалык расмий өкүлдөргө шилетеме жасап кабарлагандай, Кытай учактарынын бири АКШ учактарына 45 метрге чейин жакындаган.

АКШнын WC -135 үлгүсүндөгү төрт кыймылдаткычтуу учактары мурда Түндүк Кореянын өзөктүк сыноосу боюнча далилдерди табуу үчүн колдонулчу.

АКШ менен Кытайдын аскерий учактары ортосунда быйыл абада ушуну менен экинчи инцидент болду.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *