Кыргыз-кытай чек арасы төрт күнгө жабылат

Кыргыз-кытай чек арасындагы «Торугарт» жана «Эркечтам» көзөмөл өткөрүү пунктулары 5-апрелден 8-апрелге дейре жабылат. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, Кытайда «Таза жарык» улуттук майрамы белгиленгендиктен коңшу өлкө ушундай демилге көтөргөн.

Транспорт жана жүргүнчүлөр 9-апрелден тарта өткөрүлүп баштайт.