«Ыйман» китеп окууга үндөйт

Жакында“Ыйман” фонду “Шанс” китеп дүкөнү менен биргеликте Ош шаарында “Китеп camp” аталышындагы китеп жарманкесин уюштурду.

Эки  күн  ичинде миңден  ашык  китеп  сүйүүчүлөрүн  чогулткан  бул  иш-чаранын  максаты  –  жаштарды  китеп окууга үндөө, китептин кадырын жогорулатуу, китеп сатып алуу маданиятын калыптандыруу.  Жарманкеге  балдар  китеби,  экономикалык,  психологиялык,  диний,  көркөм-адабий  чыгармалар коюлду.

Иш-чаранын ачылышында Ош шаардык кеңешинин мурдагы депутаты Нуркыз Кадырбек кызы: “Келечекте башчы, жетекчи болосуздар. Ал үчүн тил маданиятыңар жогору болушу керек. Тил маданияты болуусу үчүн китепти көп окуш керек”, – десе, Жазуучулар союзунун мүчөсү, “Kitep.kg” басма үйүнүн жетекчиси Куштарбек Кимсанов: “Жаныңдагы жаркын жолдошуң болуп берүүдөн баш тартпаган жалгыз курал – бул китеп. Демек, турмуш шартыбыздын жакшырышы үчүн китепти көп окушубуз керек”, – деди.

Ал эми Улукбек Омокеев жетектеген “Жигер” чыгармачылык клубу китеп тууралуу сахналаштырылган көркөм окуулары менен жарманкени көркүнө чыгарышты. Ошол эле күнү каллиграфия, мехенди, кагаздан гүл жасоо ж.б. боюнча мастер класстар көргөзүлдү.

Эртеси күнү “Youth of Osh” коомдук бирикмесинин жетекчиси Акмарал Сатинбаева менен жеке ишкер, “Сабат” коомдук фондунун жетекчиси Артур Эсенкулов жаштарга баалуу акыл-кептерин айтып беришти. Экинчи күндүн дагы бир өзгөчөлүгү “Ыйман” фондунун жаңы эле тартылган “Эксперимент” аттуу тарбиялык мааниси терең фильминин бет ачары болду.

Тиленбек АЗЫК