Мусиндин муза дүйнөсүндөгү 40-жазы

31-мартта Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында ырчы жана педагог, бир катар конкурстардын лауреаты, Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин, ошондой эле К.Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын доценти, «Маданияттын мыкты кызматкери» наамынын ээси Ержан Мусиндин 60 жылдык юбилейине, чыгармачылыгынын 40 жылдыгына байланыштуу кече өттү.

Филармониянын  чоң залына  жык  толгон көрөрмандарга Ержан Мусин, анын шакирттери жана белгилүү ырчылар, «Музаман» эстрада тобу, «Ак-Марал», «Жаш канат» ж.б. бий ансамблдери өнөрлөрүн көрсөтүштү.

Иш-чаранын  жүрүшүндө мамлекеттик органдардын жана уюмдардын өкүлдөрү юбилярга сый-сыяпатын көрсөтүштү. Айрымдарын белгилей кетсек, КР мамлекеттик  чек  ара  кызматы «Чек  ара  кызматташтыгын  бекемдегени үчүн» медалын, «Эки жолку Советтер Союзунун Баатыры Талгат Бигелдинов атындагы коомдук фонд» фонддун Алтын медалын, Казакстандын Кыргызстандагы элчилигинин кеңешчиси элчинин атынан белек тапшырышты.

Назарбек БАЙЖИГИТОВ, «Кыргыз Туусу»