Басмырланган балдар, “кызылга” кызыккан кыздар

Вера БЕДЕЛБЕК, «Кыргыз Туусу»


Үй-бүлөлүк зомбулук жөнүндө көпчүлүк учурларда ачык айтышпайт. Коомчулук муну үй-бүлөнүн жеке иши деп ойлойт, жабыр тарткан жаран үй-бүлөдө эмне болуп жаткандыгын ачык айтуудан уялат, ал мени эч ким түшүнбөйт, ушакташат же жазалайт деп коркот. Үй-бүлөлүк зомбулукка дуушар болгон бактысыз үй-бүлөлөр, адамдык баалуулуктардын талкаланышы, ташталган ата-энелер, булардын баары коомдун деградацияланышына алып келет.

Кыргыз  Республикасынын  “Үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо жана сактоо жөнүндө” мыйзамы ар бир адамга анын ичинде балага карата үй-бүлөлүк зомбулук же аны жасоо коркунучу жаралган учурда, мамлекеттик жана коомдук уюмдардан коргоо алуусун жана жардам көрсөтүлүүсүн кепилдикке алат. Тилекке каршы, коомчулукта ата-энесинен айрылган же алыска иштегени кеткен үй-бүлөлөрдүн жаш балдарына туугандары тарабынан күч колдонулуп, сабалган учурлар өтө эле көп. Өзгөчө өгөй энеси же өгөй атасы тарабынан кысымга кабылып, сабалган балдар-кыздардын саны арбын. Жаш балдарга сексуалдык ыдык көрсөткөн учурлар да жок эмес.

11-мартта Маевка айылынын тургуну 8 жаштагы өгөй кызын нан алып жеп койгону үчүн чөмүч менен башка чаап, көк ала кылып сабаган. Токмок жеген кыздын мээси чайкалып, 11-март күнү Бишкектеги №3 балдар ооруканасына түшкөн. Өгөй энесинин дайыма уруп жүргөнүн ал оруканада жаткан балдардын энелерине айтып берген. Буга чейин интернет түйүнүнө Бишкектин Улан-2 кичирайонунун тургуну баласы жыгылып жаткан жеринен буту менен тепкени жарыяланган.

Мамлекетте балдардын укугун коргоо боюнча ар кандай уюмдар, мекемелер иш алып барганы менен жаш балдарга карата жасалган зомбулуктун саны азайбастан, мындай көрүнүштөр республиканын бардык аймактарында катталууда. Кимдир бирөө тарабынан капысынан билинип, ачыкка чыгып калган фактылардан сырткары үй-бүлө ичинде билинбеген канчалаган жаш балдардын талкаланган тагдыры, балалыгы көмүскөдө калып келет. Бул көйгөйдү жалпы кыргыз коомчулугу, бийлиги, укук коргоо органдары тыкыр көзөмөлгө алуусу шарт.

Мындан  сырткары  коомубузда  аялын сабап, денесине оор жаракат келтирген учурлар жүздөп саналат. Бул маселеде аялдар балдарынын тагдырын ойлоп, ур-токмокко чыдап, оорукчан болгонуна карабай жашап жүрө беришет. Ал эми укук коргоо органдары үй-бүлөлүк чыр-чатактарга байланышкан маселеде аялы денесинен катуу жаракат алмайынча же өлтүрөм деген коркутуу болсо, ал иш аракет жүзөгө ашмайынча кылмыш ишин козгобойт.

Учурда Кыргызстанда эркектерге караганда аялдардын саны басымдуу, буга байланыштуу кыз-келиндер башка өлкөлөрдүн жарандарына турмушка чыгууга аргасыз. Мамлекетибизде акы төлөөнүн негизинде  кыргыз  кыз-келиндери  менен  башка өлкөнүн жарандарын тааныштырып, үйлөнтүүдө ортомчулук кызмат көрсөткөн жеке менчик уюмдар, фирмалар бар. Ал уюмдар кыргыз кыздарын чет элдик жаран менен тааныштырып, үйлөнткөндөн кийинки турмуш шарты жөнүндө да маалымат берип турса болмок.

Анткени кытай жарандарына жана түрктөргө турмушка чыккан кыргыз кыздары бир же эки жылдан кийин үй-бүлөдөгү кысымга, ур-токмокко чыдабай, кыйналган абалда кайра  кайтып  келген  фактылар  бар. Чет жердик жаран кыз-келиндерге үйлөнгөндөн  кийин  өз  элинде аларга каалагандай мамиле жасап, көк ала кылып урган учурлар да жетиштүү.

Өлкөдөгү жумушсуздуктан улам кыйналган кыз-келиндер башка өлкөнүн акчалуу жарандарына турмушка чыгуу менен турмуштук маселелерин чечип алам деп келечегин ойлобостон зомбулукка кабылышат. Алар чет элдик жарандын анык жүзүн билбей туруп эле, ортомчулук кызмат көрсөткөн уюмдардын маалыматына ишенип, турмушка чыгышат. Ал эми чет элдик жаран эч убакта өзүнүн жаман адаттары тууралуу маалымат бербеси айтпаса да белгилүү. Мүмкүн ал кримдүйнөгө аралашкан жарандыр.

Мамлекет үй-бүлөдөн башталат. Башка  өлкөлөрдүн  жарандарына  турмушка чыккан кыргыз кыз-келиндери келечекте кытай же түрк жаранын жарыкка алып келерин, аны менен кыргыздын канын бузуп жатканын ойлонушат болду бекен?