Кыргыз-тажик чек арасында абал турукташты

Кыргыз-тажик Чек ара кызматтары Баткенде чатак чыккан тилкени биргелешип кайтарууну макулдашты. Бул тууралуу чек ара кызматынан маалымдашты.

Маалыматка ылайык, эки тарап чыр-чатак жөнгө салынмайынча чогуу иш алып барышат. Учурда Кыргызстандын Баткендеги чек ара бөлүктөрү күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат.

Эскерте кетсек, 3-апрелде Баткен районунун Үч-Дөбө айылында жарандардын пикир келишпестигинен улам, эки тараптан элүүдөй киши чогулуп, анын арты таш ыргытууга чейин жеткен. Чатак окуя болгондон жарым сааттан кийин жөнгө салынган.