«Электр станциялары» ишканасынын директору Узак Кыдырбаев камакка алынды

УКМКнын маалымат кызматы билдиргендей, Бишкек ТЭЦиндеги аварияга байланыштуу козголгон кылмыш ишинин алкагында «Электр станциялары» ишканасынын башкы директору Узак Кыдырбаев камакка алынды.

КРдин Кылмыш жаза кодексинин 221-беренеси (Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдаланышы) менен Бишкек ТЭЦинин, «Электр станцияларынын» жана Улуттук энергохолдингдин айрым кызматкерлерине кылмыш иши козголду.

Аталган иштин алкагында Узак Кыдырбаев 3-апрель күнү УКМКнын убактылуу кармоо жайына киргизилди.

«Электр станциялары» ишканасынын директору Узак Кыдырбаев камакка алынды: 1 комментарий

Комментарии запрещены.