Бишкек ЖЭБин модернизациялоо тобунун аткаруучу директору кармалды

Бишкек ЖЭБин модернизациялоо тобунун аткаруучу директору Темирлан Бримкулов кармалды. Бул тууралуу КР УКМКнын басма сөз кызматы маалымдайт.

Билдирүүгө ылайык, 2018-жылдын 2-апрелинде КР УКМК тарабынан Бишкек ЖЭБдин, “Электр станциялары” ААКнын, “Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы” ААКнын айрым кызматкерлерине КР КК 221-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пункту боюнча кылмыш иши козголгон. Бул кылмыш иши КР Башкы прокуратурасы тарабынан 2018-жылдын 30-январында Бишкек ЖЭБдеги авария фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинен өзүнчө өндүрүшкө бөлүнгөн.

УКМКдан билдиришкендей, кылмыш ишинин алкагында КР КК 221-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык үстүбүздөгү жылдын 3-апрелинде Бишкек ЖЭБин модернизациялоо тобунун аткаруучу директору Т.Н. Бримкулов кармалган.

Учурда ал УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилен. Иликтөө амалдары уланууда.

Буга чейин УКМК тарабынан Бишкек ЖЭБиндеги аварияга байланыштуу козголгон кылмыш ишинин алкагында «Электр станциялары» ишканасынын башкы директору Узак Кыдырбаев камакка алынганы маалымдалган.