Түштүк Корея: таасирленткен он күн

 

Мырзакат ТЫНАЛИЕВ, «Кыргыз Туусу»


Ноябрдын аягында күтүүсүздөн Корея  Республикасынын  Жаңы кыштак кыймылынын (“Сэмаыль ундон”)  Кыргызстандагы  өкүлчүлүгү тарабынан Түштүк Кореяга барып, аталган кыймылдын, жалпы эле бул өлкөнүн өнүгүү тарыхы боюнча кеңири маалымат алуу бактысына  туш  келдим.  Азиянын кыска аралыкта тез өнүккөн өлкөлөрүнүн  бири  болгон  Корея Республикасы Кыргызстанда бир катар долбоорлорду жүзөгө ашыруу менен биздин өлкөгө олуттуу колдоо  көрсөтүп  жатат.   Бирок  бул  өлкө  өткөн  кылымдын 70-жылдарынын башталышында дүйнөдөгү эң жакыр өлкөлөрдүн катарында турганы биздин жашоочуларга белгилүү боло бербесе керек. Мына ошондуктан, мен бул жол очеркинде өлкөнүн азыр бизге белгилүү болгон өнүккөн учурдагысына катар эле, анын өткөндөгү тарыхына алардын жашоого көз карашынан жана кыргыздардын көз карашынан алып салыштыруу менен кыскача экскурс жасоону туура көрдүм. Менин пикирим менен макул болуу же болбоо – окурмандын өз эрки.

Төңкөрүштүн баары эле жаман болбойт

Алгач тарыхтан бир аз маалымат. Түштүк Кореянын азыркыдай өнүккөн мамлекет болушуна 1961-жылы 16-майдагы аскердик төңкөрүштөн улам бийликке келген президент Пак Чон Хинин (азыркы аял президент Пак Кын Хенин атасы) салымы зор. Бирок, ал лидер боюнча кореялык коомчулукта ар кандай полярдуу пикирлер бар. Ошентсе да Кореянын элинин басымдуу көпчүлүгү анын эмгегин баалап жүрүшөт.

Пак Чон Хи 1917-жылы Корея Япониянын оккупациясы астында  турганда  (191-1945-жылдар) төрөлгөн. Ата-энеси тектүү жерден болбосо да, 1932-жылы кадыр-барктуу  гимназияга  кирип,  аны аяктагандан кийин, бир нече жыл Бункэе шаарында окутуучу болуп иштеген.  1940-жылы  Пак  Квантун  армиясынын  (Япониянын) командачылыгынын колдоосу менен түзүлгөн Маньчжоу-Го аскердик академиясына кирген жана эң мыкты бүтүрүүчүлөрдүн катарында Япониянын императордук армиясынын академиясына окууга тандалып алынган.

Аны  аяктаган  соң  экинчи дүйнөлүк  согуш  аяктаганга  чейин Кореянын армиясында кызмат өтөгөн. Согуштан кийин коммунисттик партиянын катарына кирип, ал үчүн кийин камакка алынган жана аз жерден өлүм жазасынан аман калган. Анткени Кореянын ошол кездеги президенти Ли Сын Ман берген мунапыска кирип калган. Кийин ал аскердик чалгындоонун офицери болуу менен өзүнүн мурдагы идеялаштарын – коммунисттерди аныктоо жана жок кылуу өнөктүгүнө катышкан, анан армиядан бошотулган. 1950-1953-жылдары Түндүк Корея менен Түштүк Корея согушунда кайра армияга барып, генералдык наамга чейин жеткен.

1961-жылы аскердик төңкөрүш жасоо  менен   бийликке  келген. Кызыгы – ошол кездеги президент Юн Бо Сон төңкөрүшчүлөрдү жактоо менен АКШнын жетекчилигин жана башка аскердик командирлерди  окуянын  жүрүшүнө кийлигишпөөгө ынандырган. А өзү 1962-жылы мартта отставкага кетүү менен Пак Чон Хинин бийлигин легитимдештирген.  Анткени ал убакта өлкө бийликтери коррупцияга батып калышкан жана элдин бийликке нааразычылыгы күчөгөн.

Пак Чон Хинин алгачкы кадамдарынын бири – Кореянын Борбордук чалгындоо башкармалыгын түзүү болгон. Анын милдети – ошол кездеги реалийлерден улам Түндүк Кореянын агентурасы, ички оппозиция менен күрөшүү эле. АКШнын  кысымы  менен  Пак  Чон Хи өлкөдө жарандык башкарууну калыбына келтирүү үчүн алгач 1962-жылы президенттик башкаруу формасын кайтаруу боюнча  референдум  өткөргөн  жана 1963-жылы президенттик шайлоо жарыяланган.  А өзү алгач ал шайлоого  катышууну каалабаган,  бирок  тилектештеринин  кысымы астында шайлоого барууга макул болгон.   Ошентип 15-октябрда ал  1  пайыздай артыкчылык менен  атаандашы  Юн  Бо  Сонду  жеңип алган.

Пак Чон Хинин бийлик башына келгенден кийинки программалуу болуп калган төмөндөгү сөзүн бизге айтып беришти: “Кореянын тарыхы 5 миң жылга созулат. Ошончо убакыт аралыгында калктын аз бөлүгү жакшы жашап, а басымдуу көпчүлүгү жакыр жашап келишти.Беш миң жылдан бери биз бул азаптан чыга албай келебиз. Келгиле, жалпы аракет менен андан чыгып кетели”.

Капиталисттик Кореянын беш жылдыктары

Пак  Чон  Хи  бийликте  турган  убакта  Түштүк  Корея социалисттик  мамлекет  болбосо да, СССРдегидей экономиканы өнүктүрүүнүн беш жылдык пландарын  түзгөн  жана  бекиткен. 1962-жылдан 1996-жылга чейин жети беш жылдык план кабыл алынып, алар биздегидей көз боёмочулук менен эмес, реалдуу аткарылган. Өлкөнүн  өнүгүү  этаптарында кон креттүү максаттар коюлганы да кызык. Айыл чарбасын өнүктүрүү – жеңил өнөр жайын өнүктүрүү – индустриалдаштыруу, автомобиль өнөр жайын  жана  маалыматтык  технологияларды өнүктүрүү. Булар  ишке  ашырылып,  эми  Түштүк Кореянын  алдында космонавтика жана жогорку технологияларды өнүктүрүүгө жетишүү милдети турат.

Ушундан улам атактуу кытай реформатору Ден Сяопиндин: “Кеп мышыктын ак же карасында эмес, анын чычкан кармаганында”, – деген сөзү менен макул болосуң.

Революция – бийликтин алмашуусу эле эмес, конкреттүү натыйжалар

Негизи, корейлер өз тарыхына баа берүүдө “революция” деген сөздү көп колдонушат экен. Мисалы, 1970-жылга чейин корей эли дээрлик ачарчылыкты баштан кечирип турганда, мамлекеттин саясаты аларды импорттоо менен төмөнкү бааларды кармап турууга багытталган.

1970-1979-жылдары негизги тамак болгон күрүч менен элди толук камсыз кылуу планы  “жашыл  революция”  деп аталган.  Андан  кийинки  “ак революция”  (1980-1989-жж.) тездетилген айыл чарба коммерциялануусуна жана капитал сыйымдуу жер иштетүүгө багытталган. 1990-1999-жылдары айыл чарба секторунда структуралык реформалар жүргүзүлгөн.

Жогоруда  айтканыбыздай, 1970-жылга чейин адамдар март айынан май айына чейин ачкачылыктын  азабын  тартышкан.  Ал мезгилди “Бори Коге” – “арпа” деп аташкан. Анткени күзүндө жыйналган күрүчтүн кору жазында түгөнүп калып, адамдар март айында арпа эгишип, ал май айында бышканда гана ачкачылыктан кутулушчу экен. Корейлер күрүчтүн жаңы жогорку түшүмдүү сортун чыгарышкандан кийин, 1975-жылы бул азаптан толук кутулушкан.

Ошондон улам биз, кыргыздар да,  бир  бийликти  экинчиси  менен алмаштырууну революция деп мактанбай, өлкөнүн турмушундагы конкреттүү натыйжаларга жетише билүүнү үйрөнсөк. Ансыз, улам төңкөрүш жасаган сайын артка кете берчүдөйбүз.

А баары айылды өнүктүрүүдөн башталган

Расмий статистикага ылайык, Пак Чон Хи бийликке келген  1960-жылдардын  башталышында корей калкынын 70%ы айыл жеринде жашаган (өнөр жайы өнүкпөгөн өлкөлөр үчүн мүнөздүү көрсөткүч).

Айыл жашоочуларынын 80%ы камыш үйлөрдө турушкан. Кыштактардын 20%ы гана электр менен жабдылган. Өлкөдө дайыма ачарчылык  жана  суу каптоолор жүргөн. Калктын жан башына ички дүң продуктынын көлөмү – 87 доллар болгон.

Ошол кезде дагы 50 жылга жетпеген  мезгилде  Түштүк  Корея дүйнөдөгү эң өнүккөн өлкөлөрдүн тизмесинде  12-орунга  чыгат  деген  ой  корейлердин  өздөрүнүн түшүнө да кирген эмес чыгар. Тарыхтан аналог издесек, диктатор катары кабылданып жүргөн Сталиндин ишмердүүлүгүнө ал өлгөндөн кийин анын келишкис оппоненти Уинстон Черчилль: “Ал өлкөнү соко менен кабыл алып, атом бомбасы менен мураска калтырды”, – деп баа бергендей, генерал Пак Чон Хи да өзүнөн кийин өнүккөн жана туруктуу өнүгүү жолунда турган өлкөнү калтырды. Бирок бул анын жана жубайынын өмүрүн алган (ал жөнүндө макаланын ортосунда сөз болот).

(Уландысы кийинки санда)

Өсчү эл өзгөлөрдөн үйрөнөт “Кыргыз Туусу” гезитинин директор-башкы редактору Эрнис Балбаковго 

Өтүнүч кат

Сиздердин гезиттин журналисти Мырзакат Тыналиевдин “Кыргыз Туусу” гезитинин 2014-жылдын 16-декабрындагы №96 (23885), 23-декабрдагы №98 (23887), 2015-жылдын 9-январындагы №1 (23890), 13-январындагы №2 (23891) сандарында жарыяланган “Түштүк Корея: таасирленткен он күн” деген макаласын толугу менен кайталап гезитке басып чыгарууңарды көптөн көп өтүнөм.

Анткени Президентибиз Сооронбай Жээнбеков 2018-жыл региондорду өнүктүрүү жылы деп жарыялады.  Эгер  макала  гезитке  чыкса,  Презиентибиз, Өкмөт башчыбыз, министрлер, губернаторлор, акимдер, айыл башчылары жөнөкөй айыл тургундары макаланы окушуп, андан көп нерселерди алышмак жана аларда элет жерин өнүктүрүү боюнча жаңы ой-пикирлер жаралмак.

Түштүк Кореянын эли да убагында реформатор патриот Президенти Пак Чон Хинин демилгеси менен өлкөсүн өнүктүрүүнү айылды өнүктүрүүдөн, элет элинин аң-сезимин өзгөртүүдөн баштаган. Алардын урааны “Тырышчаактык – Өзүнө-өзү жардам берүү – Көмөктөшүү”, а максаты – аң-сезимди реформалоо, чөйрөнү жакшыртуу, кирешелерди көбөйтүү болгон. Алардын тажрыйбасы менен таанышкан кыргыз эли да ойлоноор деп үмүттөнөм.

Тоту СЫДЫКОВА, Чүй облусу, Аламүдүн району, Байтик айылы, тел.: 42-17-63

РЕДАКЦИЯДАН: Бул макала убагында гезитибизге жарыялангандан кийин ушул окурманыбыз Тоту Сыдыкова сыяктуу өлкө тагдырына кайдыгер карабаган бир катар окурмандардан үн кошуулар келген. Аларда мындай алдыңкы тажрыйбаны эл арасында кеңири жайылтуу жөнүндө сунуштар болгон. Бир окурманыбыз – Талас облусунун Манас районунун аксакалдар кеңешинин төрагасы Кумар Шабданбеков ушул макаланы өзүнчө брошюра кылып басып, элге кеңири таратуу жөнүндө сунушу менен Өкмөткө да кат жазган экен.

Биздин бюрократтар өздөрүнүн “ит адатына” салышып, ал кат Экономика министрлигине жөнөтүлүп, ал жерден бир катардагы клеркке тапшырылган экен, ал каратып туруп калп айтып, К.Шабданбековго “Азыр макаланы брошюра кылып чыгаруу үчүн автор менен байланышып жатабыз” деп жооп бериптир. Аны алган К.Шабданбеков сүйүнүп авторго – М.Тыналиевге келбейби. М.Тыналиев биздин чиновниктердин жеке кызыкчылыгы болмоюнча көчүгүн да көтөрүп койбостугун, мындай дежур жоопторду бере саларын билип, анын көзүнчө аталган клеркке телефон чалат.

Анда ал кебелбей туруп: “Байке, эми ал аксакалдын көңүлүн алып коюш үчүн ушундай жооп жазып койгонбуз да”, — деп жооп берет. Ушундан кийин К.Шабданбековдун биздин бийликтеги чиновниктерибизге болгон үмүтү үзүлдү окшойт.

Биз Т.Сыдыкованын өтүнүчүнөн улам убагында чоң резонанс жараткан макаланы мурда окубаган окурмандарыбызга жеткирели деп аны кайрадан жарыялоону чечтик. Анын үстүнө быйыл аймактарды өнүктүрүүгө басым жасалып жатат жана гезитибиздин 30-марттагы санына жарыяланган маегинде КРнын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Бахтияр Салиев корейлердин бул тажрыйбасын жайылтуу боюнча аракеттер жүрүп жаткандыгын билдириптир.

One thought on “Түштүк Корея: таасирленткен он күн

Комментарии закрыты.