Камактагы ирактыктар боюнча ТИМ маалымат берди

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги өлкө абактарында жаткан ирактык төрт жаран боюнча түшүндүрмө берди. Анда бул маселе боюнча Ирактын Тышкы иштер министрлиги менен кат алмашуу болуп жатканы айтылат. Эл аралык укуктук эрежелерге ылайык, Ирак тарапка жолдонгон расмий каттын мазмуну үчүнчү тарапка берилбестиги жазылган.

«Жасалма паспорт менен мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өткөн» деген айып менен абакта жаткан ирактык төрт жарандын доо арызын Жогорку Сот 2-майда карап, Ош облустук сотунун өкүмүн жокко чыгарган. Ишти кайра кароого Ош облустук сотуна жиберип, аны башка коллегия карай турган болгон.

Ош облустук соту 1-мартта Ирак жарандары — 76 жаштагы Бухари Кози Мансурду төрт жарым жылга, Абдал Халил Юнус, Данха Нур Анвер Лазар жана Данха Домян Анвер Лазарды беш жылдан эркинен ажыраткан. Соттолгондор буга макул болбой Жогорку Сотко апелляциялык арыз жазган.

Алар былтыр октябрда жасалма паспорт менен Стамбул-Ош-Москва аркылуу Германияга кетүүгө аракеттенип, Россиядан кайра Ошко депортацияланган. Жакындары алар шылуундарга алданганын айтышууда.