ФС-1 эстен чыга элек

Былтыр чоң чуу жараткан ФС-1 дарысы адам өмүрүнүн кыйылышына алып келип, ал боюнча кылмыш иши да козголду эле. Бирок бул иштин жыйынтыгы эмне болгондугу азыркыга чейин бүдөмүк болууда. Окуянын чоо-жайын дагы бир ирет окурмандарыбыздын эсине салып коюуну туура көрүп жатабыз. Себеби учурда дары-дармек ташуудагы жана аны сатуудагы башаламандыктар токтоду деп так кесе айтууга али көп бар. 

ФС-1 дарысы адам өлүмүнө алып келгенден кийин, элдин да эси чыгып, ооруканаларда пайдаланылып жаткан дарылардан күмөн санап калышты. Деги бул ФС-1 деген неме кайдан чыкты, бул дарыны киргизүүгө ким уруксат берди эле?

Аталган дары Казакстандык окумуштуу Александр Ильин тарабынан иштелип чыккан. Бир жылдары ал “арменикум” деген дары ойлоп тапты, СПИДти айыктырат дешип, бул чоң сенсацияны жараткан. Бирок, изилдөөгө алынганда, ал ооруну айыктыруучу эмес эле, иммунитетти көтөрүүчү дары болуп чыккан. Эми минтип, Ильиндин “ФС-1” дарысы белгисиз себептер менен Кыргызстанда кургак учук менен ооруган адамдарга колдонулуп, клиникалык сыноо жүргүзүлүп, жыйынтыгы, адам өлүмү менен аяктаган. Бул боюнча Башкы прокуратура кылмыш ишин козгогондугун расмий түрдө маалымдаган. Андагы маалыматтар боюнча бейтаптарга мыйзамсыз жүргүзүлгөн клиникалык сыноого, туруктуу формадагы кургак учук менен жабыркаган адамдар тартылган. Дарыны ичкен 54 кишинин ичинен он адамга тескери таасир берген. Ошондой эле 2 адам ушул дары колдонулгандан кийин каза тапкан. Ызы-чуу жараткан дарыны сыноодон өткөрүүнү Казакстандын “Инфекцияга каршы препараттар илимий борбору” менен Кыргызстандын фармакология комитети макулдашкан. Ал кезде бул комитетти Медакадемиянын экс-ректору А. Зурдинов жетектесе, орун басары Гүлбара Кулушева болгон. Чуулгандуу “ФС-1” дарысынын уруксаат кагазына кол койгондордун катарында дары дармек департаментинин төрагасынын орун басары Руслан Акматовдун дагы ысымы айтыла калып жүрөт. Албетте бул маалыматтын чын бышыгын укук коргоо органдары дагы бир ирет териштирип койсо ашыктык кылбас.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук кеңешинин төрагасы Айбар Султангазиевдин ЖМКларга берген маалыматына таянсак, “ФС-1” бул дарыга кошулбайт, ал биологиялык активдүү кошулмалар классына жакын. Йод, калийдин йодиди — бул ФС-1дин негизги курамы. Бул элементтердин маанисин билүү үчүн ошол эле А. Зурдинов түзгөн КРнын негизги дары-дармек каражаттарынын формулярын карап чыкса эле баары түшүнүктүү болот. Анткени, ал формулярда ФС-1дин курамы жалаң кургак учукка каршы көрсөтүлгөн элементтерди камтыйт. Аталган дары 90 пайыз йодит болуп саналат. Демек, “ФС-1” кургак учук менен ооругандар үчүн колдонулбай тургандыгын булар эң жакшы билишкен. Тилекке каршы, мына ушуну билип туруп эмнеге уруксат бергендиги бир топ имиштерге жем таштап жатат. Анткени, өзү түзгөн формулярда айтылган дарынын курамындагы элементтер (кургак учукка болбойт) боюнча каршы көрсөтмөлөрдү берип, бирок ага карабай, кайра тескери иш жасап, уруксат берип жатканы акылга сыйбаган иш болуп жатпайбы. А. Зурдиновдун мындай жоругун беркилердин колдогондугу да жөн жерден болбосо керек. Эми “ФС-1” дарысынан жабыр тарткандар боюнча кыскача кеп козгойлу. Каза болгон эки адамга чыны менен эле “ФС-1” дарысы колдонулган жана алар бул дарыны пайдалана баштагандан кийин абалдары кескин түрдө начарлаган. Тактап айтканда шектүү дарыт алардын өлүмүнө себепкер болгон. Бул эки өлүмдү жана жалпы жабыр таркандардын кайгылуу окуясын аныктоо үчүн Улуттук фтизиатрия борборунда саламаттыкты сактоо өкүлдөрүнүн эксперттик комиссиясы иликтөө жүргүзгөн. Анда ошол эксперттик аныктамага көз чаптырып көрөлү.

1.) Т. А 1991-жылы туулган. Ал 2014-жылдын 25-сентябрь күнү аталган борборго келген. Кургак учук дарты аныкталып, 1-октябрь күнү дарылоо процесси башталган. Чачы түшүп, башы ооруп, териси кургап атканын айткан. Ага дарыгерлер “ФС-1” дарысын кошо жазышкан жана ал дары анын өмүрүнүн акырына чейин колдонулган. Бул дарыны ичкенден бир ай өтпөй, алсыз тартып, тамакка табити келбей, зарына болуп, колдору тырышып, тили чулдуруктай баштаган. Дары тескери таасир берген. Ал акыл-эсин жоготуп, денеси тырышып, абалы улам оорлой берген. Ошентип Т.А. бул жарык жашоо менен кош айтышкан. Т.Анын өлүмүнө эмне себеп болгон? Адистер ушул суроого жооп издешкен. Көрсө кургак учукка кабылган адамдын өпкөсүнө йод тез чогулат экен. “ФС-1”дин курамында йод көп болгондуктан, ал таптакыр колдонулбаш керектиги эскертилет. Йоддун чогулушу биринчи кезекте дем алуу органындагы былжыр челдерди жабыркатып, күчөтүп жиберет. Бир сөз менен айтканда, Т.А. йодизмден каза тапкан.

2.) Ү. Т. Ага дагы “ФС-1” дарысын беришкен. Жогорудагыдай эле начар жагдайларга туш болгон. 2016-жылдын башында оорусу өтүшүп кетип, йодизмден көз жумган. Муну менен катар, “ФС-1” дарысын колдонгон бейтаптардын басымдуу көпчүлүгү аталган дарыны ичкенден кийин өздөрүн жаман сезе башташкандыгы тууралуу дарыгерлерге байма-бай арызданып турушкан. Алар уйкусу качып, кусуп, баштары тегеренип, зарына болуп, ичеги карындары ооруп, дене табы көтөрүлүп, киши жактырбай, мүнөздөрү өзгөрүлгөндүгүн, алсыз боло башташкандыгын айтышкан.

Айбар Султангазиевдин баамында, бул дары дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунан же башка уюмдардан сунуш алган эмес экен. Андыктан, улуттук клиникалык протоколго киргизилбегенден кийин, өлкөбүздүн аймагына бул дарысы киргизбөө керек болчу. Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун, эл аралык кадыр-барктуу медициналык таанымал бирикмелердин сунушу жок эле дарыны сыноого уруксат берүү өтө эле күмөндүү иш.

Адистердин айтымында, регламентке ылайык каттоодон өтө элек дарыны адамга сынап көрүүгө, ташууга, сатууга уруксат берилбейт.

Демек,  “ФС-1”  дарысы  биздин  чек  ара пос тунан контрабандалык жол менен алынып келингенби деген суроо пайда болууда. Мына ушундай жол менен келген дарыга, анан да курамында кургак учукка каршы көрсөтмөлөрү бар дарынын ак карасын ылгабай туруп бейтаптарга колдонуу медицина тармагына көлөкө түшүрүп, жалпы саламаттыкты сактоо тармагына сөз тийгизди. Ал эми Башкы прокуратура бул иш боюнча азырынча үн ката элек. Демек, иш токтоп турат. Жогорудагы ачык мисалдар иштин чоо жайын териштирүүгө толук жетип бермек. Башкы прокуратурага мындан башка дагы кандай далилдер керек? Адам өлүмү менен аяктаган окуяга укук коргоо органдары өз баасын толук бербегенден кийин, мындай иштер дагы улана бериши толук мүмкүн. Учурда “бедаквилин” деген дарыны да эч кандай каттоосу жок алып киргендиги боюнча маалымат бар. Муну да иликтеп берүүгө аракет кылабыз.

Коопсуздук  кеңешинин  жыйынында Президент коррупцияга каршы күрөшүүдө эч кимге, эч кандай аёо болбойт деп эскертип, баардык укук коргоо органдарын калыс жана адилеттүү иштөөгө чакырган. Башкы прокуратура токтоп же жабылып калган бир топ ишти кайра көтөрүп жаткан маалда, бул иш дагы көз жаздымда калбайт деп ишенели.

Тиленбек АЗЫК