Хирург жана гастроэнтеролог, Кайын КУДАЙБЕРДИЕВ:  «Биз кайсы маалда, кандай бейтап келбесин жардам көрсөтүүгө даяр турабыз»

Анара АРЗЫБАЙ кызы, “Кыргыз Туусу”


Мамбет Мамакеев атындагы улуттук хирургиялык борборунда өз кесибин мыкты билген жана дасыккан, кесипкөй адистер иштейт. Алардын бири хирург жана гастроэнтеролог – Кудайбердиев Кайын Темирбекович. Ал эмгек жолун мындан 30 жыл мурун дал ушул улуттук борбордон баштаган. Андан бери далайлардын өмүрүнө сакчы болду. Ооруп келгендерге колунан келген жардамын көрсөтүп, жакшы сөзүн айтуудан тажабайт. Дарак бир жерден көгөргөн сыяктуу К.Кудайбердиев аталган ооруканада 1988-жылдан бери иштеп келет. Кесиптештери жана бейтаптары Кайын Темирбековичтин колунун жеңилдигин айтышат.

– Айтсаңыз, сиз Мамбет Мамакеевичдин кол алдына кандайча келип калдыңыз?

– 1988-жылы стоматологияга окууга тапшырып өтпөй калгам. Анан хирургиялык борборго келип, Мамбет Мамакеевичтин операциялык бөлүмүндө санитар болуп ишке орношуп калдым. Ал кишинин жанында жүрүп, жасаган операцияларынан таасирлендим. Дегеле баскан-турганын, сүйлөгөнүн көрүп, мен да ал кишидей болом деп хирургияга ооп кеттим. 1990-жылы Иса Ахунбаев атындагы медициналык академияга окууга тапшырдым. Бир эле убакта окуп, иштеп, теория менен практиканы өздөштүргөнгө менде жакшы мүмкүнчүлүк болду. Студент кезимде эле операциялык иштерге катыша баштагам.

1996-жылы окууну бүтүп, биздеги ординатурада жалпы хирургия боюнча 2 жыл билим алдым. Андан кийин жеңил операциялар-ды жасап жүрдүм. Улам барган сайын тажрыйба топтоп татаал, кыйын операцияларды жасоого өттүм. Ошентип, Кудайдын буйругу менен хирургдардын атасы, таланттуу, легендарлуу Мамбет Мамакеевичтин кол астында 30 жылдан бери иштеп келе жатабыз.

– 30 жылдык бай тажрыйбаңыз  бар  экен,  башаягы канча операция жасадыңыз?

– Бул суроого жеке атымдан жооп берүүдөн тартынып турам. Эмнеге дегенде операцияны мен жалгыз жасабайм. Учурда Мамакеев ооруканасында жалпы жонунан 70-80ден ашык хирург бар. Биз атайын түзүлгөн график боюнча эртең менен, түштө, кечинде жана түндө 5-6 кишиден турган топ кезекте туруп иштейбиз. Кайсы маалда, кандай гана бейтап келбесин, биз бардык жардамды  көрсөтөбүз.  Токтоосуз операция талап кылынса, эч токтоосуз өз милдетибизди аткарабыз. Мындан сырткары, пландалган операцияларды жүргүзөбүз. Ал боюнча атайын докладдарды даярдайбыз.

– Азыр эле киста боюнча  операция  жасап  чыкканыңызга күбө болдум. Бул кандай оору, эмнеден улам пайда болот?

– Бул көбүнчө аял кишилердин гармондору бузулганда пайда болуучу ыйлаакча. Аны убагында дарылап, чара көрбөсө жыйынтыгы жаман болушу мүмкүн. Мисалы, ал ыйлаакча чоңоюп кетип, оролуп же толгонуп калса, акырындык менен чирип кетет. Мунун кесепети тукумсуздукка алып  келиши  ыктымал.  Эң  өкүнүчтүүсү бул дарт азыркы учурда  турмушка  чыга элек жаш кыздарда да кездешүүдө.

–  Мунун  алдын алса болобу?

Албетте,  болот. Анүчүн  кыздар  ар дайым  адистердин көзөмөлүндө  болуп, өздөрүнүн ден соолугуна кам көрүш керек. Кээ бирлери билсе деле, көңүл бурбай, маани бербей жүрө беришет.  Эң  жаман  жери жарылып кетсе, ичине кан толуп акыбалы оорлошуп кетет.

–  Сиз  гастроэнтеролог болуп да иштейт экенсиз?

–  Ооба,  2000-2003-жылга  чейин Түркиядагы  Гази  деген  медициналык окуу жайдын ортосунда түзүлгөн атайын келишимдин негизинде 3 жыл Түркияга барып кошумча билим алып, окуп, ошондой эле тажрыйба алмашып келгем.  Ошондон  бери гастроэнтерологдун дагы кызматын аркалайм.

– Өзүңүз жөнүндө айтсаңыз,  кайсы  жактын кулуңу болосуз…

–  Мен  Аксы  районуна  ка-раштуу Кара-Суу деген айылда 1971-жылы төрөлгөм. “Жеңижок” орто  мектебин  бүтүрдүм.  Бирок, 10-класска чейин Бишкектеги  №5  гимназияда  окугам. Ошол  убакта  айылдан  келген абитуриенттерге кандайдыр бир жеңилдик  болчу.  Ошондуктан, мектепти айылдан бүтүп келгем. Үйлөнгөм, эки уул, бир кызым бар. Алар азыр мектепке барышат.