Оштогу батирлердин биринен аялдын жансыз денеси табылды

ӨКМдин куткаруучулары кечээ, 4-апрелде Оштогу Мамасалиев көчөсүндө жайгашкан үйлөрдүн биринин жабылып калган эшигин ачып берген. Батирдин ичинен бир аялдын жансыз сөөгү табылган. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, окуя болжол менен саат 15:10 чамасында катталган. Батирдин ичинен 1970-жылы туулган К.В.А., аттуу аялдын сөөгү табылган. Жансыз дене ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.