“Ала-Тоо” ресторанындагы массалык уулануунун себеби аныкталды

Калаадагы “Ала-Тоо” ресторанындагы 249 адам массалык түрдө тайча даярдалган тоок этинен ууланышкан.

Мамманэпидемкөзөмөл борборунун лабораториялык текшерүүсүнөн кийин маалымдалгандай, тооктун этинен сальмонеллеза бактериясы табылган. Текшерүү ишинин жүрүшүндө “Ала-Тоо” ресторанынын ашканасын дезинфекциялоо жүрөт.

5-апрелге карата Бишкектеги Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасында 94 адам, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарындагы ооруканаларда 36 адам дарыланып жатышат. Бардыгы болуп 249 адам ууланган: Бишкекте – 204, республика аймактарында 45.

Эске сала кетсек, 30-мартта “Ала-Тоо” ресторанындагы тойдон соң коноктор жана алардын туугандары тамак-аштан массалык түрдө ууланышкан. Бишкек шаардык Мамсанэпидемкөзөмөл Борборунун маалыматына ылайык, бардыгы болуп тойго 192 адам катышкан. Жабыркагандардын биринчи агымы 31-мартта саат 19:30дан соң ооруканага кайрыла башташкан.

Аталган факты боюнча кылмыш иши козголду.

Андан тышкары, имараттын жетекчисине 20 миң сом, ал эми ашпозчуга – 5 миң сом өлчөмүндө айып салынган. Ресторандын иши убактылуу токтотулду.