Ысык-Көлдо жоголгон бала эртеси табылды

Ак-Суу районунун Кайырма-Арык айылынан беш жаштагы бала 3-апрель күнү саат 17:00 чамасында жоголгон. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка ылайык, баланын атасы каза болуп калгандан кийин багып алган таенеси, ал короодо ойноп жүргөн жеринен таппай калган. Үй-бүлөнүн өзүнүн издөө аракети натыйжа бербей, милицияга кайрылышкан. Милиция менен чогуу куткаруучулар, жергиликтүү тургундар баланы издөөгө чыгышып, кечки саат 18:00 чамасында бала тоо тараптан табылган.

Дарыгерлер бала үшүп калганы болбосо, анын ден соолугуна кооптонууга негиз жоктугун билдиришүүдө.