354 жүк ташуучу унаа Кыргызстанга мыйзамсыз жолдор менен алынып келингени аныкталды

Башкы прокуратура бажы төлөмдөрүн жашыруудан мамлекетке 30 миллион сомдон ашык зыян келгенин аныктап, Кылмыш жаза кодексинин 303-беренеси («Коррупция») боюнча кылмыш иш козгоду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, текшерүүнүн жыйынтыгында Башкы прокуратура 2011-жылдын 15-ноябрынан 2012-жылдын 10-январына чейин Кыргызстанга жеке жана юридикалык жактар жүк ташууга ыңгайлашкан DAF, MAN, IVECO, SCANIA жана башка маркадагы автоунааларды алып келгенин аныктаган.

Машиналарга жүк ташуучу автоунаа экенин тастыктаган ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин тышкы экономикалык ишмердигинин «8704» товардык номенклатурысынын коду берилиши керек болчу. Бул код боюнча бажы алымы бажы баасынын 10 пайызын түзөт.

Бирок декларация толтурулуп жатканда аталган жүк ташуучу машиналарга «8701» коду — трактор деп берилген. Аталган код боюнча бажы төлөмү алынбайт.

Башкы прокуратуранын билдиришинче, Борбордук бажы кызматынын инспекторлору билип туруп бардык 354 жүк ташуучу автоунааны «8701» коду менен трактор деп каттоого алган. Анын айынан мамлекетке 30 миллион сомдон ашык зыян келтирилген.

Ишти УКМК тергеп жатат.