Арча-Бешик жаңы конушунан мыкаачылык менен өлтүрүлгөн аялдын сөөгү табылды

«Арча-Бешик» жаңы конушунда 5-апрелде түнкү саат үчтөр чамасында үйлөрдүн биринен аялдын сөөгү табылганын  шаардык милициядан билдиришти.

Окуя тууралуу 102 кызматына билдирүү саат 03:20да түшкөн. Ал жерге Ленин РИИБдин ыкчам тергөө тобу чыкты. Келиндин денесинен мыкаачылык менен өлтүрүлгөн тактар табылган.

Алдын ала маалыматтарга ылайык, аял Арча-Бешиктин тургуну. Аны 26 жаштагы көңүлдөшү сабап өлтүргөн. Милиция бул маалыматтарды тактоодо, шектүү адам изделүүдө.

Укук коргоо органдары маркум 30 жаштагы О.Г. аттуу аял экенин тактап, сөөк өлүкканага экспертиза үчүн жөнөтүлдү.

Учурда тергөө амалдары жүрүп, шектүү адам бар экени айтылууда.