Талас облусунда аңчылык кылып жүргөн браконьерлер кармалды

Талас облусунун Талас районундагы Каракол аймагында чек арачылар аңчылык кылып жүргөн Кыргызстандын үч жаранын кармашкан. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын ЖКМ жана коомчулук менен байланышуу бөлүмү билдирет.

Кыргызстанда аңчылык кылуу мезгили аяктаганына карабастан Талас облусунун тургундары аңчылык кылып жүрүшкөн. Текшерүү учурунда алардын жанынан төрт коёндун, үч суурдун жана бир улардын эти алынды. Ошондой эле, кармалгандардан бир нече тапанчалар алынган, алардын тиешелүү уруксат кагаздары да жок болуп чыккан.

Тиешелүү бардык документтер чогултулгандан кийин, алар аймактык укук коргоо кызматкерлерине өткөрүлгөн.