Бишкекте “Апрель” телеканалынын бет ачары болду

Бишкекте “Апрель” телеканалынын бет ачары болду. Телеканалдын башкы директору Дмитрий Ложниковдун айтуусунда, жаңы ТВнын курамына иш билги журналисттер тартылган.

Ложников билдиргендей, каналдын башкы максаты өлкөнү өнүктүрүүгө бурулат, ал эми саясат болсо жаңылык түрүндө гана берилет. Канал 4 күн мурда ишин баштаганын айтып, 50% берүүлөр мамлекеттик тилде боло тургандыгын кошумчалады.

Жаңы каналдын ачылышын куттуктоо үчүн вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова, өкмөт башчынын кеңешчиси Гүльнура Төралиева, маданият, маалымат жана туризм министри Султан Жумагулов, президент аппаратынын жана башка телеканалдардын өкүлдөрү келишти.