ЖЭБдеги жемкорлордун жүзү ачылууда

Темирбек АЛЫМБЕКОВ, «Кыргыз Туусу»


Кыштын кыраан чилдесинде Бишкек ЖЭБде болуп өткөн кырсык борбор шаардын тургундарын кыйла күндөргө кылчылдатып турганы эсибизде. Баарынан дагы жаңы эле реконструкциядан өттү делген ЖЭБдеги мындай кырсыктын келип чыгышы күнү бүгүн көптөгөн суроолорду жаратып келет. Ал эми жакынкы күндөрдөн бери ал кырсык боюнча айыпталып, УКМКнын “короосуна” убай-чубай киргизилип жаткан ЖЭБдин мурдагы жетекчилери тууралуу маалыматтар, майдандан келген кабардай коомчулуктун көңүлүн буруп турган чагы.

УКМКнын укуругу узун

ЖЭБдеги кырсык боюнча түзүлгөн мекеме-лер аралык комиссиянын сунушу менен бир катар жетекчилерге катуу-жумшак сөгүштөр жарыяланып, айрым кызматкерлер иштен айдалган болчу. Алардын арасында 40 жылдан бери ушул жерден агарып-көгөрүп иштеп келаткан адамдардын жумуштан айдалышы, журт ичинде “баягы эле чоңдор калып, карапайымдар капканга түштү” деген сөздөрдү пайда кылган. Ал арада Башкы прокуратура бул маселе боюнча 2018-жылдын 30-январында кылмыш ишин козгогон. Ушул кылмыш ишинин алкагында иш алып барган УКМК укуругун узун таштап, төбө чачты тик тургузган иштердин төркүнү ачыкталып, жаканы карматууда.

Учурда “Электрстанциялары” ишканасынын Баш директору Узак Кыдырбаев , биринчи орун басары Бердибек Боркоев жана техникалык директору Алмаз Жусупбековго кылмыш иши козголуп, УКМКда тердеп-кургап сурак берип жаткан чактары. Булардын катарын ЖЭБди модернизациялоо боюнча долбоордун аткаруучу директору Т.Бримкулов толуктап, козголгон кылмы-шын башына жазданып, мындан ары УКМКда “уктамай” болду.

Эмнелер ачыкталды?

Белгилүү болгондой жыл сайын Бишкек ЖЭБдин кышкы даярдыгына бюджеттен оңбогондой чоң суммадагы каражат бөлүнүп келет. Бул жолу да ошондой болгон. 2017-2018-жылдардын күз-кышына карата ЖЭБдин буу казандарын оңдоп түзөөгө ААК “Электрстанциялары” ишканасы 30,2 млн. сом жумшамакчы болот. Тендерден “26,5 млн.сомго эле оңдоп бере саламын” деген ААК “Сибирэнергоремонт” аталган ишкана жеңип чыгат.

Баягы  “обого  шыйпаң  үйүр”  демекчи, 2002-жылы 2-ноябрда Новосибирскиде катталган, машиналарды жана жабдууларды оңдоо иштерине адистешкен бул ишкана, дегеле чекеси жылыбаган неме көрүнөт 2016-жылы 3,1 млн.рубль чыгаша менен чыгыптыр. Анысы аз келгенсип кредиттик карызы 2016-жылы 27,1 млн.рублди түзүптүр. Мунусу да аз келгенсип 2017-жылдын 10-октябрында биротоло “оомийин”, башкача айтканда жоюлуп кетиптир. Булар да аз келгенсип келишим боюнча алган иштерин талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн жоопкер катары соттон сотко сүйрөлүп келатыптыр, акыры 2014-жылы кредиторлор аны банкрот деп таануу боюнча сотко да кайрылат.

Ошол жоголду деген ишкана жортуп келип, ЖЭБдеги жарыяланган тендерден утуп кетиши оозду ачырууда. Ошону менен “тандап” тазга жолуккан ААК “Электрстанциялар” ишканасы тендерден утту делген ААК “Сибирэнергоремонтко” ЖЭБдин №14, 18, 22 буу казандарынын тагдырын тапшырыптыр. Кырсык болуп өткөн 26-январда №22 буу казан ремонттолуп, №14, 18 буу казандар иштеп жаткан болот. Бирок №18 буу казан бузулуп, аталган кырсык келип чыгат. Ошону менен шойкомдуу ААК “Си-бирэлектрэнерго” ишканасына байланышкан ЖЭБдеги жетесиз иштердин чет-бучкагы чуба-лып чыга баштады.

ЖЭБди “жем акырына” айланткандар

Кыргыздын “караңгы үйдө каман күркүрөйт” деген табышмагы бар. Жаңылбасам жандырмагы тегирмен болуш керек эле. Акыры, ЖЭБдеги тегирмендей айланган коррупциялык схема күтүүсүз кырсыктын айынан ачылып отурат. Баарынан дагы учурда УКМКнын “уясында” отургандар ЖЭБди үй-бүлөлүк жем жеген акырына айландырып алышкандыктары өкүнүчтүү. Алсак, ЖЭБди модернизациялоо боюнча долбоордун аткаруучу директору Т.Бримкуловдун уулу Ч.Бримкулов да ушул долбоорго иштөөгө тартылган. Ал эми ЖЭБдин мурдагы директору Н.Өмүркул уулунун ага тууганы, таяке-жээндери жалаң гана ЖЭБден “жем” жешчү экен.

УКМК мындан тышкары Бишкек ЖЭБдин, ААК “Электрстанциянын”, ААК “Улуттук энергетикалык холдинг компаниясынын” айрым кызматкерлерине иш козгоду. Буга караганда далай кызыктардын баары алдыда окшойт.