Салтты таанытуу – улутту таанытуу

Маектешкен Жыпар ИСАБАЕВА, «Кыргыз Туусу»


Тоң районунун Кызыл-Туу айылындагы “Кийиз дүйнө” коомдук фондунун негиздөөчүсү, жеке ишкер Айдай АСАНГУЛОВА менен Маек.

– “Кийиз дүйнө” коомдук фонду көчмөн жашоодогу салттуу билимдерди жандандыруу, сактап калуу, өркүндөтүү жана 19-кылымга тиешелүү кыргыздын салттуу кийимдерин кайрадан жаратуу максатында Тоң районунун Кызыл-Туу айылында түзүлүп, буга чейин «Кийиз дүйнө», «Элечек», «Жаргак», «Калпак жана элечек — кыргыздын салттуу баш кийимдери» сыяктуу долбоорлордун үстүнөн иштеп келгенбиз. Мен өзүм айылда туулуп-өскөндөн кийин, айылым үчүн бир жакшы иш жасагым келип, ойлонуп жүрдүм. Союз кулагандан кийин айылдар тукулжурай түшпөдү беле. Ошол кезде айылыбызга донорлор келип калды. Биздин Кызыл-Туу айылынын тургундарынын 60%ы кол өнөрчүлүк менен узанышат. Эркектер боз үй жасоо менен алектенсе, аялдар үй жасалгаларын жасап кийим тигишет. Ушундан улам айылды «боз үйчүлөр» деген брендге айлантып, этнографиялык айыл кылабыз деп, 2012-2013-жылы “Кийиз дүйнө” деген фестиваль өткөргөнбүз. Ошондо мен аябай дегдеп, ар бир үйдө эски кийимдер бар, баары эле кийип чыга калат деп ишенип алыпмын. Көрсө, эски, нукура улуттук кийим деген калбай, ордуна синтетикалык калпактар, кагаз элечектер пайда болуптур. Ошондон улам анан “Элечек” долбоорун, тактап айтканда бул баш кийимдин, андан кийин башка баалуулуктарыбыздын нукура үлгүсүн иштеп чыктык.

–  “Көчмөн  жашоодогу  салттуу  билимдерди  жандандыруу, сактап  калуу,  өркүндөтүү”  деп жатпайсыңбы, мында кайсы булактарга таянуу менен иш алып барасыңар?

– Биринчи кезекте республикабыздын аймактарын кыдырып, элден – апалардан, аталардан маалымат жыйнадык. Улуу муундардын арасында улуттук баалуулуктардын уюткусу болгон асыл адамдар бар. Ошондой эле ата мекенибиздеги, Борбор Азия мамлекеттериндеги жана Россиядагы музейлерден маалымат, материал чогулттук. Ошол иштин жыйынтыгынын баары биздин чыгармачылыгыбызда жана максатыбызды ишке ашырууда өбөлгө болуп келет.

– Сиздер жасаган кийимдер дагы сувенир катары башка өлкөлөргө импорттолобу?

– Азыр, айрыкча баш кийимди белек кылуу модага айланып кетти. Бирок кыргызда эч убакта баш кийимди белек кылган эмес. Учурда калпактын баркы түшүп кетти. Биздин эл эзелтен баш кийимге өзгөчө маани берип келген. Аны ардактап, даңазалап кийишкен. Калпакты негизи энелер – балдарына, жубайлары жолдошторуна атап, өздөрү кийиз кылып уютуп, өздөрү бычып-тигип, өз колдору менен жасап беришкен. Кийин гана бул бизнеске айланып кетти. Учурда сатылып жаткан калпактардын кездемеси Кытайдан алып келинип, кыргыздын кийизинен тигилген деп сатып жиберишет. Мындай кездемелерди Кыргызстанга алып келүүгө тыюу салынса, кыргыз калпагынын кадыры жогорулай түшмөк. Анан да ага эч кандай маани-маңызы жок компьютердик оймолорду түшүрүп жатышат. Ар бир оймо-чийменин өз тили, айтып турган маани-маңызы болот.

– Кандай дейсиз, элечекти күнүмдүк турмушта кийсе болобу, ал ыңгайсыз эмеспи?

– Кыргыздын нукуралуулугу унутта калып баратат. Биз жасап жаткан иштердин бардыгы кыргыздын салттуу билимдерин жандандырууга арналат. Мисалы, өзүбүз тиккен көйнөктөрдү, элечектерди кийип алып жайлоодо бир ай жашайбыз. Абдан ыңгайлуу. Заңкайганы менен оор эмес. Элечектин касиети абдан күчтүү болгондуктан, аны кийген аялзат өзүнөн-өзү эле жаман сөздөрдү сүйлөбөй калат.

– Азыр улуттук кийимдерге кызыгуу арбыды окшойт?

– Алгач элечекти туура орогон апа таба албай убара болгонбуз. Бүгүнкү күндө, чынында эле элечекке кызыгуу күчөп, көңүл бурула баштады. 2012-жылы Ысык-Көлдө «Кийиз дүйнө» фестивалын өткөргөнбүз. Элден элечек таппай, анан Асел Калканова деген эжекебиз барып элечек ороп берген. Биз алты элечек ородук деп сүйүнүп жатсак, калыстар элечекти жаратпай койду. Ошондо чын эле элечекти ороо маселеси  бар  экенин  туюп,  бир  жагынан намыстанып, анан элечек менен иштеп калдык. Изилдөөлөрдүн  арты  менен  элечектин 13 түрү табылды. Учурда ошолорду  кайра  ороп,  атайын  видеого  тарттык. Аталган видео үч тилде тартылды. Эми ошол видеолорду жайылтуу менен алекпиз.

– Жыл сайын улуттук кийимдер, баалуулуктар боюнча окууларды, көргөзмөлөрдү, ар башка иш-чараларды уюштуруп жүрөсүздөр, фонддо канча киши эмгектенесиздер?

–  Төртөөбүз.  Туура  айтасыз,  нукура баалуулуктарды жайылтуу, салттуу билим боюнча окутуулардын сезонун ачып, алгач  тебетей  тигүүнү  үйрөтөбүз.   Катышууну  каалагандар  тебетей  тигүүгө керектелүүчү (тукаба, баркыт же калың кездеме) жана ичтик кездемелерди, тери (эски жака, сөгүлгөн эски тебетей), ебез,  батин  же  жука  кийиз,  кооздоо үчүн үкү, күмүш, седеп топчулар, шуру-мончокторду алып келиши керек. Мындан тышкары, кайчы, жип, оймок, ийне сыяктуу өздүк аспаптарды ала келип, үйрөнүп кетишти.

– Тебетей демекчи, бул баш кийим кандай касиеттери менен баалуу?

– Тебетей – кышкы кийим. Тебетейдин талааларына кебез салып баркыттан, сукнодон, калың кездемеден тигишкен. Анын төбөсү төрт бурчтуу келип калың болот. Талааларынын ылдыйкы бөлүгүн сыртына кайрып, ал жерге жазы келген терини, колунда бар кыргыздар суусар, кундуз карматкан. Аталган баш кийимдерди колдонулган терисине карата түлкү тебе-тей, кундуз тебетей, суусар тебетей деп аташкан.