Таасын талант талаада калабы? Президентке кайрылгысы келген скульптор А.Шаршекеевдин арманы

Темирбек АЛЫМБЕКОВ, “Кыргыз Туусу”


Редакцияга баш баккан, кыйла жашка барып калган, кышылдай сүйлөп үнү араң угулган адамдын абалы кимдин болбосун кабыргасын кайыштыргандай абалда эле. Айткан сөздөрүн эптеп түшүнүп, берген кагаздарын карап отуруп, алдымда Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери, легендарлуу скульптор Арстанбек Шаршекеев отурганын көптө барып түшүндүм. Кезегинде бул кишинин ысмы маданиятыбыздагы жылдыздардын бири катары дүңгүрөп турганын жакшы билчү элем. Бирок тагдыр-жазмыш, бийликтин маданиятка жасаган кайдыгер мамилеси бул сейрек талант ээсинин ден-соолугун, ага кошо жашоого болгон үмүт-тилегин да алып койгондой.

Эмгектерин Акаевге алдатса, Бакиевге уурдатыптыр

“Президентке  кайрылайын  дедим эле” деген ал арманын айтып отурду. Көрсө, Арстанбек Шаршекеевдин ден-соолугунун түбүнө жеткен окуялар А.Акаев жана К.Бакиевдин тушунда болуп өтүптүр. Эске сала кетсек анын чебер колунан жаралган “Меймандостук” аталган монументалдык  скульптурасы  учурда   Ысык-Көл мейманканасынын  алдын  көрктөп  турат. Жүргөн жерине чөп чыкпаган А.Акаев отуздан ашуун скульптуралык эмгектин арасынан А.Шаршекеевдин ушул “Меймандостук” скульптурасынын кичирейтилген көчүрмөсүн  тандап  алып,  Парижге  барганында ЮНЕСКОнун Башкы директору Коичиро Мацурага белек кылып жиберет. Орусиялык И.П.Казанский, С.А.Щербаков, В.П Буйначев өңдүү эксперттердин баалоолору боюнча наркы 140 миң доллар турган бул эмгеги үчүн болгону 700 доллар алыптыр. Аны да жөн бербей Ак үйдүн тосмосунун ар жагынан колуна карматып жолго салышыптыр. (Ал бюстту коло менен куюп чыгыш үчүн өз жанынан 2 миң доллар жумшаган экен). Кийин канча жолу сотко кайрылбасын майнап чыкпайт.

Кийин  К.Бакиевдин  тушунда  анын өнөрканасына ууру кирип “Аңчы” аталыштагы, БУУнун каталогуна кирген скульптурасы жоголуп кетет. Бирок анысы жоголуп деле кетпептир. Бир күнү телевизордо К.Бакиев сүйлөп жатканда баягы жоголду деген скульптурасы анын кабинетинде турганын көрөт. А.Шаршекеев канча арызданбасын аны уккан киши болбойт.

Ушунун баары анын ден соолугуна гана зыян келтирбестен, даттангандыгы үчүн ишсиз калып, мамлекеттик ар кандай заказдардан четтетилет. Бир жагынан дарыгерлердин туура эмес дарылоосунан улам үнү да минтип жакшы чыкпай, кулагы да жакшы укпай калыптыр.

А.ШАРШЕКЕЕВ:“Мага көп нерсенин кереги жок”

–  Президент  Сооронбай  Жээнбе-ковго эмне деп кайрылайын дедиңиз эле?  –  деп  сурадым  Арстанбек  агадан. – Мен “Меймандостук” аталган эмгегимдин автордук укугун Президентибизге берейин дедим эле. Аны өзүнүн атынан ЮНЕСКОго берип койсо. Анткени ЮНЕСКОдо “Кыргыз элинин атынан” деп эле жазылып турат. Автору катары мени аташкан эмес. Анан калсаЮНЕСКОдо бир да кыргыз сүрөтчүсүнүн эмгеги жок. Бул биз үчүн сыймык. Анан мен көп деле сурабайм. Мамлекет мага бир жылда бир иш берип (заказ) берип койсо, майын чыгара жасап бербейт белем. Оокатыма да жөлөк болмок. Мен азыр өнөрканамда жалгыз жашайм. Эмгегиме карап эбак бериле турган “Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү” наамын айтпайын, үйүм да жок. Урматтуу Президентибиз мени кабыл алса, көп нерсени айтып берээр элем,– дейт айтылуу скульптор.

Президент Сооронбай Жээнбеков белгилүү өнөр ээсин кабыл алабы жокпу, эмнеси болсо да өтүнүчүн жаздык. Болгону “бул менин акыркы үмүтүм” деген сөзү жүрөктү өйүп турду. Кайран талант! Али да болсо деминен кайтпай “мага иш болсо майын чыгарат элем” деп кайраттана чыгып кетти. Ылайым деминен кайтпаса экен.

P.S. Чындыгында кыргыз көркөм сүрөт  искусствосу,  анын  ичинде скульптура жанры аксап турат. Буга элдин сынына кабылып, эми кайра алына турган болгон Сүймөнкул Чокморовдун эстелиги күбө. Эсептей келсек скульптура жаатында узанып келе жаткандар саналуу эле. Анда эмне үчүн баарына тең карап, чыгармачылыктарына бирдей шарт түзүп бере албайбыз? Ушул эле скульптор А.Шаршекеевдин тагдырын алсак, эмне үчүн четке сүрүлүп калышы керек? Бир кезде бири качкын, бири канкор эки президенттин каарына калып соттошуп жүргөндүгү үчүнбү? Тескерисинче, А.Шаршекеевди мындай тайманбаган кайраты үчүн көтөрүп алышыбыз керек эле. Баса, А.Шаршекеев өзүнө Балбай баатырдын эстелигин жасап бер деп кайрылуу түшкөнүн айта кетти. Бирок кайрылгандар каражат жагын чече албай, Кумтөр же Ысык-Көл фондусу жардам берсе деп жатышыптыр. Президентке да ушуну айтат элем дейт.

Арстанбек Шаршекеев 1951-жылы туулган. Москвадагы Строганов  атындагы  Жогорку  көркөм окуу  жайын  бүтүргөн,  кыргыздын  туңгуч  жогорку  билимдүү скульптор-монументалисти. Анын эмгектери Парижде (ЮНЕСКО), Третьяков галереясында, СССРдин көркөм  сүрөт  академиясында коюлган. Көптөгөн чыгармалары Германияда, АКШда, Австрияда, Индияда, Англияда жеке коллек-ционерлердин колунда. Отуздан ашуун эмгеги Г.Айтиев атындагы Улуттук көркөм сүрөт музейинин көркүн ачып, маданиятыбыздын бай казынасын толуктап турат. Бир нече эл аралык симпозиумдардын катышуучусу.