Кубаныч ИБРАЕВ, Кыргыз Улуттук университетинин доценти, философия илимдеринин кандидаты, Апрель элдик революциясынын баатыры: «Уят – өлүмдөн катуу, жакшылык менен жамандык жерде калбайт»

Маектешкен Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу”


– 2010-жылдын 7-апрелинде сизге  ок  тийип,  “Тез  жардам”  менен №4-ооруканага  жеткиргенде,  “ок тийип, оор жарадар болгондор толуп кетиптир, башымды таңдырдым да, врачтарга: “Мен ооруканага жатпай эле коеюн, оор жарадарлар жатсын” деп кете берген экенсиз. Эмнеге?

– Менде “башка ок жеген жарадарлар дарылансын, мага караганда, башкаларга көбүрөөк жардам керек болушу керек” деген ой болгон. Көрсө, өзүм шок абалында болгон соң, алган жаратымдын канчалык оор экенин билбепмин. Үч күндөн кийин жыгылдым. Бир жарым айдан ашуун ооруканада дарыланышка туура келди. Убакыт өткөн сайын алган жаратым кыйначу болчу.

–  Ошондо  таксисттер  у чурдан  пайдаланып,  тейлөө  акысын 1,5  миң  сомго  көтөрүп  ийиптир, Туңгучка араң жеттим дебедиңиз беле?..

– Сурооңуздун төркүнүн түшүндүм. Иш таштаган маршруттук кичи автобус айдоочуларынан улам сурап жатат окшойсуз. Чынында, шопурлардын бул кылыктары мыйзамга да, адепке да жатпайт. Алар койгон талаптарда, мектепке барбай калган окуучунун эмне күнөөсү бар? Же шаардык карапайым тургундардын күнөөсү эмне? Адам байлыктын кулу болбош керек. Немец философу Имманиул Кант жоопкерчилик тууралуу айтканда, аны эки категорияга бөлгөн: адеп-ахлак жоопкерчилигине жана укук жоопкерчилигине. Негизи адамдын жүрүм-турумун соттой турган нерсе, бул – уят. Ошол эле таксисттерди алалы, алар ошол революциялык кырдаалдан пайдаланып, жол кирени 1,5 миң сомго чейин көтөрүшүп, адеп-ахлак жоопкерчилигине кол шилтеп салып жатпайбы. Болуптур, алар ошол күнү акчага туйтунду дейли. Бирок, ошол шоопур анын уяты – адеп-ахлак жоопкерчилигин эстеген сайын өмүр бою көкүрөгүн зарна сыяктуу өйүй берерин ойлогон жок. Утурумдук нерсеге алданды. Абийирине камчы чапты. Акча бүгүн бар да, эртең жок. А абийир, уят менен түбөлүк каласың. Ошол эле ТЭЦтеги  оңдоо  иштери  үчүн  сатып  алынган буюмдарды алалы. Кытай дүйнөнүн жети кереметинин бирин жараткан эл, бүгүн да не бир кереметтерди жаратып жатат. Аларды ТЭЦти начар курду деп айтканга ооз барбайт. Менин оюмча, маселе өзүбүздө.

– Ушул бүгүнкү күн, эртеңки жаркын келечек үчүн кан төккөн адам катары нелерди айтар элеңиз?

– Мен мурда да: “Кыргызстан ким бирөөнүн менчиги эмес. Бийлик – мамлекет, коом, эл үчүн иштеши керек. Эл байлыгы тонолбой, элге кызмат кылса дейм. Укуктук мамлекет курабыз дейбиз, ар бир адамда моралдык жоопкерчилик болушу керек” деп айткан элем, азыр да ошол сөзүмдү кайталайм. Кыргызстан – бул биздин мамлекетибиз, биздин өлкөбүз. Ага ар бирибиз көздүн карегиндей мамиле жасоого тийишпиз. Мамлекеттин алдында баарыбыз жоопкербиз. Мыйзамдар сааттын механизминдей иштеп, ар бир адам өз ордуна турса эле, Кыргызстан бат эле өнүкмөк. Анүчүн көп убакыттын кереги деле жок.

– Азыркы жашообуз деле жаман эмес да…

– Албетте, Кудай ушуну кут кылсын деш керек. Бирок, ошентсе да Кыргызстан дүйнөнүн алдыңкы мамлекеттеринин катарына кошулса,  мекендештерибиз,  Россия,  Казакстан, Түркиялап тентип жүрбөй, бирөөнүн эшигин сагалабай, өз элинде, өз жеринде иштесе деген ой да. Кыргызстанда дүйнөлүк маркадагы завод-фабрикалар курулуп, анда миңдеген жумушчулар иштеп, ар бир кыргызстандык өзүбүз өндүргөн продукция менен сыймык-тансак жаманбы?!!

– Албетте, жакшы. Анүчүн эмне кылыш керек?

– Мамлекеттин жүргүзүп жаткан саясатын колдош керек. Бүткүл эл тарабынан шайланган президентти колдоо абзел. Бүгүн кыргыз эли кайра жаралууну баштан кечирип жатат. Үй-бүлөлүк-кландык башкаруудан кеттик. Парламенттик-президенттик мамлекет курабыз деп жатабыз. Мына ушул өзгөрүүлөрдөн карапайым адам да четте калбай, демократиялык принциптер, адеп-ахлактык негиздер сакталган коомду курушубуз керек.

– Сиз адеп-ахлактык негиз, адеп-ахлактык жоопкерчилик тууралуу улам кайталап айтып жатасыз. Себеби эмнеде?

– Кыргызда “уят өлүмдөн катуу” деген сөз бар. Мындайча айтканда, уят – мыйзамдардан да, Конституциядан да жогору, андан аттап кетүүгө мүмкүн эмес болгон адамды кыймылдатуучу күч. Эгер, ар бир адамдын,анын ичинде ар бир мамлекеттик кызматкердин көкүрөгүндө уят болсо, уят өлүмдөн катуу экенин эскертип турса, анда жөнөкөй таксистке уяты 4-ооруканадан Туңгучка 1,5 миң сом менен алпарууга жол бербегендей, мамлекеттик кызматкерге да уят баасы 200-250 сом турган кычкачты 600 долларга алууга жол бермек эмес. Мына маселе кайда жатат! Эгер, уят болсо Бишкектин миллиондогон гранттык каражатка асфальтталып жаткан жолдору бир кыш чыдап, жазында балмуздактай ээрип кетпейт эле да. Тилекке каршы, уят, намыс байлыктын тепсендисинде калды. Уят эч нерсе менен алмашкыс, куну жок баалуулук.

– Уятты алтынга да сатып алууга мүмкүн эмес деңизчи?

– Мүмкүн эмес. Ошол уятты ойлобой, айрымдар оюна туура келгенди сүйлөп коюп жатышат. Ата-бабаларыбыз: “таш койгон ташын алат, кыш койгон кышын алат” деп  айткан.  Анысы  кандай,  ар  бирибиз эртеби-кечпи, жооп бере турган күн бар. Бирөө мыйзам алдында жооп берет, анын укук  жоопкерчилиги  дебедикпи,  башкалары,  адеп-ахлак  жоопкерчилигин  тартат дегендей… Айтор, кыргыздар айткандай,  жакшылык  менен  жамандык  жерде калбайт.