Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин 9-кызматына жаңы жетекчи дайындалды

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон буйрукка ылайык Сабыров Токтосун Ырыскелдиевич Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары рангындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин 9-кызматынын зардалы болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.