Сооронбай Жээнбеков апта башында Түркияга расмий иш сапары менен барат

Президент Сооронбай Жээнбеков расмий иш сапары менен Түркия мамлекетине барат. Бул тууралуу президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси Данияр Сыдыков маалымат жыйында билдирди.

Иш сапар 9-10-апрель күндөргө белгиленип, анда эки тараптуу кызматташууларды бекемдөө боюнча сөз болору айтылды.

Тараптар ортосунда инвестицияны коргоо, техникалык жөнгө салуу, стандарттоо, спорт тармагы жана айыл чарба тармагы боюнча документтерге кол коюлат.

Иш сапардын алкагында Жээнбеков түркиялык кесиптеши Режеп Тайип Эрдоган, өкмөт башчысы Бинали Йылдырым жана парламент спикери Исмаил Кахраман менен тар чөйрөдө жолугушат.