Сүйүү үчүн таажыдан баш тарткан хан бийке

Япон ханбийкеси Мако Акисино сүйүктүүсүнө турмушка чыкса, ханбийке наамынан ажыратылат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, император Акихитонун 25 жаштагы улуу небереси Мако университеттен таанышкан сүйлөшкөн жигити Кей Комурого жакында турмушка чыгууга даярданууда. Ал эми япондордун салтына ылайык жана мыйзам боюнча императордун үй-бүлөсүндөгү кыздар жөнөкөй адамга турмушка чыкса, титулунан ажыратылат. Бирок үлпөт тою императордук үрп-адаттардын негизинде өткөрүлөт.

«Кей Комуро юридикалык фирмалардын биринде кызматкер. Мако сүйгөнүнө турмушка чыкса, жөнөкөй үйдө жашап, императордук жөлөк пулдан баш тартып, салык төлөй баштайт. Ханбийкенин тандоосун ата-энеси да колдошту. Үлпөт тойдун так күнү Мако менен Кей никеге турууга антташканын Япониянын императору Акихитого расмий билдиришкен соӊ белгилүү болот», — деп айтылат маалыматта.

Толуктай кетсек, императордун дагы бир кызы жана уулу бар.