“Республика- Ата Журт” фракциясы да Башкы прокуратуранын отчетун канааттандырарлык эмес деп тапты

“Республика- Ата Журт” парламенттик фракциясы Башкы прокурордун отчетун канааттандырарлык эмес деп тапты. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Жыйын жүрүшүндө КР башкы прокурорунун орун басары Бөлөкбай Казаков башкы прокурор Индира Жолдубаева ден соолугуна байланыштуу фракция отурумуна катыша албастыгын маалымдады. Депутаттар Зарылбек Рысалиев, Курманкул Зулушев, Талант Мамытов КР Жогорку Кеңешинин Регламентине ылайык, орун басары эмес, башкы прокурор Индира Жолдубаева өзү отчет бериши керектигин белгилешти. “Бул прокуратура органдарынын отчету эмес, бул башкы прокурордун отчету”,- дейт фракция депутаттары.

Мындан сырткары, эл өкүлдөрү КР башкы прокурору сунуштаган отчет менен таанышып чыгышкандыгын айтып, башкы прокурордун орун басарларын угуунун кажети жоктугун белгилешти. Жыйынтыгында “Республика- Ата Журт” парламенттик фракциясы 2017-жылы Кыргыз Республикасында мыйзамдуулуктун абалы жөнүндө жана аны чыңдоо боюнча прокуратура органдары тарабынан аткарылган иштер тууралуу Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун отчетун канааттандырарлык эмес деп тапты.