Түштүк Кореянын экс-президенти Пак Кын Хе 24 жылга соттолду

Түштүк Кореянын мурдагы президенти Пак Кын Хе 24 жылга эркинен ажыратылды.

Пак Кын Хе өткөн жылдын март айында кармалган. Ал коррупция, кызматтык абалын кыянаттык менен пайдалануу, мамлекеттик сырды ачуу сыяктуу 18 берене боюнча айыпталган. Прокуратура соттон экс презитентке 30 жылга эркинен ажыратып, 118,5 вон (95 миллион долларга жакын) айып салууну суранган.

Сот Пак Кын Хенин курбусу анын кызы экөө коррупциялык жол менен 20 миллион доллар өндүргөн деп тапты.

Коррупция боюнча чуу 2016-жылы чыккан. Бир катар маалымат каражаттары Түштүк Кореядагы ири корпорациялар менен Samsung компаниясы өкмөттөн колдоо алыш үчүн Пак Кын Хенин жакын курбусу Цой Сун Силдин фондуна ири суммадагы каражаттарды которуп турганын жазып чыккан. Ошондой эле Цой Сун Силь мамлекеттик кызматта иштебесе дагы президенттик администрациянын ишине кийлигишип пайда көрүп турганы айтылат.

Эки жума мурда Цой Сун Силь 20 жылга эркинен ажыраган. Ошондой эле ал мамлекетке 18 миллиард вон (16,56 миллион доллар) төлөмөй болду.