«Арча-Бешикте» үч баланын энесин өлтүрдү деп шектелген жаран кармалды

Бишкек ШИИБдин кызматкерлери «Арча-Бешик» жаңы конушунан аялды өлтүрүүгө шектүү катары 25 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу шаардык милициядан маалымдашты.

Милициядан маалымдашкандай, кылмыш болор күнү шектүү менен маркум арак ичип, чатакташа кетип, эркек киши аялды сабап салган. Ал алган жаракатынан улам көз жумган. Бул кырсыктын натыйжасында үч бала энесиз калды.

Белгилей кетсек, 5-апрелге караган түнү мыкаачылык менен киши колдуу болгон келиндин сөөгү табылган.