10-апрелге карата аба ырайы

10-апрелде өлкө аймагында мезгил-мезгили менен жамгыр жаап, тоолордо кар жаашы күтүлөт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши мүмкүн.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 3…8, күндүз 11…16,

Талас жергесинде түнкүсүн 2…7, күндүз 10…15,

Ош, Баткен жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 5…10, күндүз 13…18,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 1…6, күндүз 9…14,

Нарын облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 8…13,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -6…-11, күндүз 0…5.

Бишкек шаарында түштөн кийин жамгыр жаашы ыктымал. Түнкүсүн 5…7, күндүз 14…16 градус жылуу болот.