Түркиянын президенти Түрк тилдүү өлкөлөрдүн саммитин Бишкекте өткөрүүнү сунуштады

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган КР мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбековго үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында Бишкекте Түрк тилдүү өлкөлөрдүн саммитин өткөрүүнү сунушталы.

Мындай оюн ал кечээ, 9-апрелде КР президенти Жээнбеков менен болгон жолугуушунун жыйынтыгында билдирди. Белгилей кетсек, Сороонбай Жээнбеков расмий иш сапары менен Анкарада (Түркия) жүрөт.

“Мен Кыргызстан аталган саммити жогорку деңгээлде өткөрөт жана иш-чаранын төрагасы катары катышуучуларга татыктуу билдирүү жасайт деп ишенем”,-деди ал.

Ошондой эле ал Жээнбековдун бул сапары эки мамлекет ортосундагы кызматташуунун жаңы баскычтары боло тургандыгына ишеним билдирди.

Булак: Кабар