Түштүк Корея: таасирленткен он күн

Мырзакат ТЫНАЛИЕВ, «Кыргыз Туусу»


(Башталышы өткөн санда)

Түштүк Кореянын согуштан кийинки тарыхында 1970-жылдын 22-апрели өзгөчө орунда турат. Мунун В.И.Лениндин туулган күнүнүн 100 жылдыгына  эч  тиешеси  жок.  Дал ушул күн – Түштүк Кореянын өнүгүүсүндө зор роль ойногон “Семаыль ундон” кыймылынын (макаланын башталышын караңыздар) башталыш күнү.  Аны  азыркы  биздин адамдарга түшүнүктүү болгон калкты социалдык мобилизациялоо термининин синоними катарында кароого болот. Анын урааны: “Тырышчаактык – өзүнө-өзү жардам берүү – Көмөктөшүү”. А максаты – аңсезимди реформалоо, чөйрөнү жакшыртуу, кире-шелерди көбөйтүү болгон.

Ошол  жылы  күзүндө  (октябрда)  бүтүндөй өлкө боюнча 33 267 кыштактын ар бирине 335 каптан цемент түрүндө колдоо көрсөтүлгөн. Эмне үчүн цемент? Анткени ошол жылы Кореяда курулуш тармагында кризис болуп, цемент өтпөй калат. Аны өндүрүүчүлөрдөн өкмөт сатып алуу менен элеттиктерге колдоо катарында таратып берет. А калган материалдар (таш, шагыл, кум) бардык жерде жетиштүү болгон.

Эмне  үчүн  күзүндө?  Анткени  ошол учурда кыштактардын жашоочуларынын дээрлик бардыгы негизги өсүмдүк болгон күрүчүн жыйнап алышкандан кийин, жазга чейин ишсиз калышкан. Анан эркектер арак ичүү жана кумар ойноо менен күн батырышкан. Ошондуктан аларды бекерпоздуктан арылтуу үчүн ишке тартууга күз айы тандалып алынган.

“Сэмаыль” – жаңы кыштак эле эмес, жаңы аң-сезим

“Сэмаылдын”  принциби   биздеги теңдемечилик принцибинен түп-тамырынан айырмаланып турат.

Анткени теңдемечилик принцибинде мамлекет алдыңкы региондордун эсебинен артта калган региондорду колдосо, “Сэмаыль”, тескерисинче, алдыңкыларды андан-ары колдоо принциби боюнча иштеген.

Мамлекет ар бир айылдагы лидерлерди колдоого алган, “Сэмаылдын” принциптерине окуткан жана жылдын жыйынтыгы менен эң мыкты көрсөткүчтөргө жетишкен 16 600 кыштакка кийинки жылы 500 каптан цемент жана 1 тоннадан арматура түрүндө колдоо көрсөтүүнү уланткан. Натыйжада өнүккөн кыштактарда мурдагы камыш менен жабылган үйлөрдүн ордуна черепица жабылган үйлөр, цемент коргондор, жолдор, көпүрөлөр курулуп, элет инфратүзүмү өнүктүрүлгөн. Мына ошол өнүккөн кыштактарга мамлекеттен кайрадан жардам болуп жатканын көрүшкөн артта калган кыштактардын жашоочулары алардан үлгү алууга аракеттене башташкан.

Анын үстүнө ар бир кыштакка муниципалитеттин бирден кызматкери жооптуу катарында бекитилип, анын кызматтык карьерасы ал өзү жооптуу болгон кыштактын өнүгүшүнөн көз каранды болгон. Кызматкер күн сайын эртең менен ишине баруудан мурда өзү бекитилген кыштакка барып, кечээ эмне иштер аткарылгандыгы боюнча маалымат алып жана ошол күнгө карата көрсөтмө берип турган. Алгач айылдардан башталган “Сэмаыль” кыймылы кийин шаарларга да жайылтылган.

Ачыгын  айтканда,  программанын ийгиликтүү болушунда мамлекет башчысы Пак Чон Хинин өзүнүн жеке салымы чоң болгон. Ал өзүнүн демилгесин жер-жерлерде кандай аткарып жатышканын текшерүү үчүн күтүүсүз жерден аймактарды кыдырган. Иш жакшы болгон жерлерде лидерлер менен муниципалдык жетекчилерди сыйлап, начар болгондорунда жазаларды берген.

Натыйжада өлкөдө кыштактардын 3 категориясы пайда болгон: негизги кыштактар, өздөрүн өркүндөтүшкөн кыштактар жана көз карандысыз кыштактар. Категориясына жараша мамлекеттик колдоо да болуп турган. Биринчилерине – базалык колдоо, экинчилерине – кошумча колдоо жана үчүнчүлөрүнө – приоритеттүү колдоо. 1981-жылга карата кыштактардын 96,5%ы көз карандысыз, 3,3%ы өз алдын-чалуу, 0,2%ы бакубат кыштак категориясына кирген.

“Сэмаылдын” дагы бир урааны: “Өкмөт аз жардам берсе да, кыштакта өз алдын-ча жасоого мүмкүн болгон иш көп” деген болгон. Жыйынтыгында кыштактардагы инфраструктураны жакшыртуу – жолдорду, көпүрөлөрдү куруу, жашоо шарттарын жакшыртуу, электр линиясын тартуу, коомдук жайларды куруу иштери элет жашоочуларынын өз күчтөрү менен бүткөрүлгөн.

Андан  кийинки  кадам  кирешени көбөйтүү – элет жеринде чакан өндүрүштөрдү түзүү, өсүмдүктөрдүн жаңы түшүмдүү сортторун өстүрүү, айыл чарбасынан тышкары кирешелүү бизнес уюштуруу болду.

Мындай аракеттерден улам, элет жа-шоочулары баягы жалкоолук, аракечтик, өзүмчүлдүк сыяктуу жаман адаттарынан арылышып, биргелешип иштөө, эрте турганга кудай да берет принцибин кармануу, өз ара жардамдашуу, эрежелерди жана нормаларды сактоо адаттарын үйрөнө башташкан.

– Ал учурда Өкмөт ар бир кыштакка цемент, арматура таратып берип жатып эки шартты гана койгон, – дейт “Сэмаыль” кыймылынын тарыхын изилдөө борборунун директору Чонг Кап Жин. – Биринчиси – цементти үйлөрүнө ташып кетпөө, экинчиси – долбоордо көрсөтүлгөндү бузбоо.

Кыштакты өзгөртүү үчүн элди өзгөртүү керек, а элди өзгөртүү үчүн алардын аң-сезимин өзгөртүү керек, мына ошондуктан мында психологиялык билим берүү өтө маанилүү.

Корея Республикасы азыр дүй нөдөгү эң  өнүккөн  мамлекеттердин  арасында 12-орунда турса да, директордун айтуусу боюнча, “Сэмаыль” лидерлерин окутуу улантылууда. Өлкө боюнча 82 окутуу борборунда лидерлер билим алышууда. Эң мыктылары борбордук окуу жайынан, калгандары регионалдык борборлордон окутулат. “Анткени асман (Кудай) өзүнө жардам берген адамга гана жардам берет” деген корей макалы бар”, – дейт Чонг Кап Жин.

– Мамлекетте элеттин өнүккөнү маа-нилүү, – дейт Качхон университетинин вице-президенти,  профессор  Со  Чжин Кван. – Себеби, кыштактары жарды мамлекет бай боло албайт. Адамдар үчүн мамлекеттин кандай жашап жатканы эмес, өзүнүн кандай чөйрөдө жашап жатканы маанилүү. Өкмөт баарын өзү жасап бере албайт, ошондуктан ал адамдар өздөрү жасашы үчүн шарттарды түзүп бериши керек.

Дагы бир кызык факт – “Сэмаыль” кыймылы ички иштер министрлиги аркылуу жүзөгө ашырылган. Биздин: “Бул өлкөдөгү диктатурага байланышкан эмеспи?”, – деген сурообузга окутуучулар ал учурда Кореяда жергиликтүү бийлик органдары ушул министрликтин түзүмүндө болгону менен түшүндүрүштү.

Лидер – Кореяда да лидер

Корейлер өздөрү өлкөнүн өнүгүшүндө зор роль ойногон “Сэмаыль” кыймылынын  ийгиликтүү  болушуна  анын жер-жерлердеги лидерлерин даярдоо чоң өбөлгө түзгөнүн баса белгилешет. 1972 — 1979-жылдары 500 миңдей лидер окутулуп даярдалган.

Алар корей элинде буга чейин болуп келген жалкоолук, аракечтик, ынтымаксыздык сыяктуу жаман адаттардан арылышып, жаңы баалуулуктарды, жоопкерчилик жана лидерлик духун өздөрүнө сиңиришкен жана андай сапаттарды өз кыштактарынын жашоочуларына жайылтышкан. Аларды өз аракеттери менен жашоону оңдоого боло тургандыгына ынандырышкан. Жалпысынан, азыркы мезгилге чейин 3,6 миллиондон ашуун лидер жана жөнөкөй адамдар мындай окутуудан өтүшкөн.

Ушул жерден айта кетсем, акыркы мезгилде бизде “обончулар” (алардын катарында аялдар гана эмес, эркектер да бар) коомдо чоң роль ойной башташты. Саясатчылардын түрткүсү менен алар өз айыл-даштарынын психологиясына кара жанын карч уруп иштебестен эле, митингге чыгып кыйкырып, долулануу менен акча табууга боло турганын биротоло сиңирип коюшту. Андан тышкары, андай “обончулардын” кызматын айрым таза эмес чиновниктер да атаандаштары менен күрөшүүдө пайдалана башташты. Мындай “идеологиянын” аягы эмне менен бүтө тургандыгын айтуу кыйын…

Кайрадан корейлерге келсек, алардын жер-жерлердеги лидерлери кыштактарды өнүктүрүү пландарын түзүү, жашоочулардын ортосунда милдеттерди бөлүштүрүү, жашоочуларды ынандыруу, кыштак менен борбордук жана регионалдык бийликтерди байланыштыруу, күндөлүк жашоонун жаңы моделин түзүү милдеттерин аткарышкан. Кыштактардагы бардык маселелер алардын жашоочуларынын чогулу-шунда каралып, талкууланган.

“Сэмаыль Ундондун” борбордук ассоциациясы ички иштер министрлигинин алдында болуу менен бардык иштерди координациялоо, пландаштыруу жана аткарылган иштерди баалоо функциясын аткарган. Канчалык  парадоксалдуу  көрүнбөсүн, 1974-жылы Кореяда элет калкынын кирешелери шаар калкынын кирешелеринен ашып кеткен.

Кыштактардын  жашоочулары  мурда азыркы кыргыздардай болуп: “Өкмөт биздин салыктарды чогултуп алып, жардам бербей жатат”, – деп ойлошсо, реалдуу өзгөрүүлөрдөн кийин “Өкмөт бизге өнүгүүгө шарттарды түзүп берип жатат”, – деген пикир калыптанган. Ар бир кыштак лидерин өзү шайлагандыктан, бул реалдуу демократиянын калыптанышына да түрткү берген.

“Сэмаыль” кыймылы ЮНЕСКОнун материалдык эмес баалуулуктар боюнча мурасынын тизмесине киргизилгендиги да кызык факт. Бул кыймылдын Түштүк Кореянын жашоосундагы ролун гана эмес, ошондой эле жалпы адамзаттык баалуулук катарында башка өлкөлөрдө да колдонууга боло турганды-гын таануу эмей эмне?

–  Бүгүнкү  жашоо  деген эмне?  Бул  кечээги  жашоонун натыйжасы, – дейт “Сэмаыль  Ундон”  борбордук ассоциациясынын эл аралык кызматташуу боюнча төрагасы Чо Хван Бок бизге лекция окуп жатып. – А эртеңки күн – бүгүнкүнүн натыйжасы. Эгерде жакшы жашоону кааласаңар, жашооңорду өзгөрткүлө.  Буга  чейин  жаман  жашап келсеңер, өзгөртүүлөрсүз эртең жакшы жашап кете албайсыңар.

Абдан  туура  сөз.  А  биз,  кыргыздар, “Эртеңки куйруктан – бүгүнкү өпкөнү”, “Күндүк өмүрүң болсо, түштүгүңө – жорго минди” артык көрөбүз, башкача айтканда, “Бүгүн жашоом жакшы болсо болду, эртеңкиси менен ишим жок” принцибине таянабыз. Натыйжада… жергебиздеги байлыгыбыз жетиштүү, климаттык-жаратылыш  шарттарыбыз  эң  сонун жашоого мүмкүнчүлүк берип турса да, өз жашообузду оңдой албай, чет элдиктердин кредиттерине муктаж болуп, белчеден карызга батып, эмгекке жарамдуу жаштарыбыз миграцияланып келет.

Дал ушул кредит алуу боюнча Түштүк Кореянын тарыхында жомокко окшогон, бирок чындык бир факт бар. Аны бизге “Сэмаыль Ундондун” кеңешчиси, Улуттук психологиялык илим-изилдөө институтунун жетекчиси, педагогика илимдеринин доктору Чой Сан Хо айтып берди.

– “Сэмаыль” кыймылын баштоодон мурда президент Пак Чон Хи Германияга барган, – дейт Чой Сан Хо. – Бирок, кредит алуу үчүн биздин мамлекетте ал убакта күрөө болгон эмес. Ошондуктан немец бийликтеринин талабы боюнча, бизден 10 миң эркек жумушчу шахталарда иштөө жана 7 миң медсестра ооруканаларда өлүктөрдү жууп тазалоо үчүн Германияга жөнөтүлгөн. Алар ошентип кредит төлөнүп бүткөнгө чейин иштеп беришкен. Башкача айтканда, барымтада болушкан.

Бир жылдан кийин президент өз жарандарын көргөнү Германияга барганда, алардын бир тобу чогулушуп аны менен аянттан жолугушууга келишет. Пак Чон Хи алар менен жолугушууда сүйлөй турган сөзүн алдын-ала жазып алган экен. Бирок, аларды көргөндө даярдаган сөзүн айтпастан, аларды бир аз чыдап турууга чакырат, өлкөдө жаркын келечекти куруу убадасын берет жана кармана албай ыйлап жиберет. Ага кошулуп корейлер да ыйлашат…

– Бизде эмне үчүн “Сэмаыль” кыймылы ийгиликтүү болду? – деди Чой Сан Хо.

– Анткени мамлекет башчы өз өлкөсүн сүйгөн жана анда өлкөнү өнүктүрүүнү абдан каалаган. Президент өз мисалы менен мамлекеттик кызматкерлерди шыктандырды, алар карапайым жашоочуларга дем беришти. Ал ар бир жакшы иштеген мамлекеттик кызматкерди кызматтан жогорулатуу менен стимул берди, иштей албагандарды жазалады. Пак Чон Хи корейлерде патриотизм сезимин өстүрө алды. Жарандарында бул сезим өнүккөн мамлекеттер гана өнүгө алат.

Президенттин дагы бир мисалын айтып коеюн. Ал эң ысык күндө да эч качан кондиционерди колдончу эмес, желпүүр менен отурчу. Анткени элди үнөмдүү жашоого үндөө менен өзү үлгү болчу.

Ушул жерден 2008-жылы мурдагы президентибиз  К.Бакиевдин  Германиядан бөйрөгүнө операция жасатып келгенден кийинки өкмөттүн кеңейтилген жыйынын өткөргөндөгү бир окуясын айта кетүүнүн кезеги келип калды. Ак үйдүн чиновниктери чоң залдагы кондиционерлерди катуу иштетип коюшкан экен, эшиктеги ысыктан келишкен айрым министрлер бир аздан соң чүчкүрүп башташты. Аны көргөн Бакиев мактангандай болуп:

–  Эмне  суук  боло  баштадыбы?  Мен дайыма кондиционерди иштетүү менен кабинетимде 16 градустан ашырбай отурам. Кызматкерлерим мага карап залды салкын кылып коюшкан тура, – деп кондиционерди өчүрүү көрсөтмөсүн берди.

(Уландысы кийинки санда)