Билгенибизден билбегенибиз көп экен

Бактыгүл МУНДУЗОВА, “Кыргыз Туусу”


“Роза Отунбаева демилгеси” эл аралык коомдук фонду бир катар маанилүү маселелерди камтыган долбоорлорун ишке ашырып келет. Ал долбоорлордун бири “Балдар жана жаштар арасында экологиялык жоопкерчиликти жогорулатуу» көчмө өнүгүү борбору деп аталат. Жыл башынан бери Бишкек шаарынын айланасындагы 10дон ашык жаңы конуштарда жашаган жашоочуларга, анын ичинде 3 жаштан 7 жашка чейинки өспүрүмдөргө карата ата-энелердин мамилесин өзгөртүү керектигин түшүндүрүп, аны менен бирге экология тууралуу маалыматтары менен бөлүшүп окутуп келишет. Жаңы конуштардын мүмкүнчүлүгүнө жараша жөнөкөй эле түшүндүрүп билим берүү жолун тандашкан. Окууларга барган ата-энелер бул маанилүү жана керек экенин белгилешип, аталган долбоордун дагы улантылышын суранышты. Бул ирет көчмө өнүгүү борбору Бишкектин Дордой, Ак-Бата конуштарына барышты.

Себеби айрым конуштарда бала бакча, балдар ойной турчу атайын аянтчалар, мектепке чейинки даярдоо курстары, кружоктор жетишпейт. Билбегенин үйрөнгүсү  келип  умтулган,  дилгир,  сезимтал 3 жаштагы бөбөктөргө китеп окуп берүүдөн баштап, аларга ыр жаттатып, ырдатып бийлетип, сүрөт тартканды үйрөтүү, көнүгүүлөрдү жасатуу, таза абада ойнотуу, мунун баары алар үчүн жаңы ачылыш болуп саналат.

Көчмө өнүгүү борборунун ыктыярчылары Дордой жаңы конушундагы №94 мектепте чогулган окуучулар менен ата-энелерге учурдагы экологиянын бузулушу андан оорулардын келип чыгышынын себептери тууралуу кеңири маалыматтар менен бөлүшүштү. Аталган жаңы конушка жанаша жайгашкан “Дордой” базары мектепке жакын жайланышып, конуштун ички көчөлөрүндөгү тазалык колго алынбай,базардан чыккан таштандылар, мектептин алдына чейин шамал менен бирге учуп келе берет. Таштанды салуучу челектер болгону менен, адамдар анын жанында жаткан таштандыны чогултуп келип салып коюу жоопкерчилигин билишпейт. Бул экологияга жана адамдарга кандай таасирин тийгизип жатканын толук түшүнө албайбыз. Анын үстүнө базардын айланасы дайыма таштандыларга курчалып турат.

Окуунун жүрүшүндө Агрардык университеттин студенттери учурда көйгөйгө айланган боордун дарты – эхинококкоз жана альвеококкоз тууралуу кеңири айтып беришти. Акыркы жылдары бул эки дартка чалдыккандардын 58%ына койдон жугуп жатканы аныкталган. Эми альвеококкоз рак дартындай айыкпаган оору. Аны жугузуп алуу биринчиден, тазалык сакталбагандыктан жана шалаакылыктан, же эч нерсе болбойт деген кайдыгерликтен болот. Ичип жаткан суудан баштап тырмагыңа чейин ар дайым таза болушу керектигин дарыгерлер эскертип келишет. Ошондуктан кичинекей бөбөктөргө колду, бетти, тишти таза жууганды эрте жаштан үйрөтүү маанилүү экенин жана мөмө-жемиштерди таза жууп колдонуу керектигин үйрөтүү зарыл. Мунун баарын мектептеги мугалимдер күндө эле эскертип айта беришпейт, бул эң биринчи ата-эненин милдети же тарбия берүү му-галимге гана көз каранды эмес.

Көчмө  окутуу  борбору  балдарга  жомок китептерин окуп берүүдөн баштап, жөндөмүнө жараша кичинекейлердин жашыруун таланттарын ачып берүүгө демилгечи болуу менен аны ата-энелерге дагы үйрөтүп келишет. Долбоордун максаты да сергек жашоо ыңгайын түзүү жана туруктуу өнүктүрүү үчүн жагымдуу айлана-чөйрөнү  түзүү  максатында  четте  туруп алып байкоо жүргүзүүнүн позициясынан иш чаралардын жигердүү катышуучусунун позициясына өтүү аркылуу, жарандык жоопкерчиликти жандандырып, ошону менен шаар тургундарынын экологиялык маданият деңгээлин жогорулатуу болуп саналат.

“Роза Отунбаева демилгеси” эл аралык коомдук фондунун көчмө өнүгүү борборунун координатору Чынара АБДРАИМАКУНОВА:

– Биздин көчмө окутуулар 2017-жылдан бери өтүп келет. Мына азыр бала бакча, мектептердин жаңы ко-нуштарда эле эмес шаарыбыздын  борборунда  дагы жетишпейт. Учурда болгону 48 жаңы конуш мыйзамдаштырылган. Ошон үчүн көп балдарыбыз бала бакчага баралбай, эрте жаштан билим алууга даярдануудан аксап, алыстап калып жатышат, ал эми биздин максат – ошол боштукту толтуруу. Санитардык агартуучу, өнүктүрүүчү сабактарды берүү менен бала менен эненин аң сезимин өзгөртүү. Ал үчүн 8 жаңы конуш пилоттук катары тандалып алынган. Баланы эрте жаш курактан өнүктүрүү үчүн  ата-эненин,  коомдун көңүлүн бурдуруу, турмуштук  көндүмдөрдү  коомго аралашканга чейин үйрөнө баштоо,  коомчулуктун көңүлүн бурдуруу үчүн бала бакчалардын жаңы жолдорун алып чыгууга түрткү берүү максаты алдыган коюлган.

Долбоордун алкагында мектептер тандалып алынган. 3 жаштан 7 жашка чейинки балдарга айына үч жолудан келип окутууларды өткөрүп турабыз. Ноябрь айында Саламаттык сактоо министрлиги менен бирге санитардык агартуучулук максатта, көчмө мобилдүү клиника уюштурганбыз. Анда медициналык кароодон өтүп жатканда айрым балдарга психологиялык жардам жана логопед адистерине муктаж экендиктерин көрүп, логопед, психолог адистерин таап алып бара алдык. Ал эми эки айда бул окууларга кызыгып келген ата-энелер 2 миңден ашты. 2018-жылы биз кайрадан тренингдерди улантып, эрте жаш курактан балага китеп окуу, баланын коопсуздугу, алгачкы жардам, экологиялык, музыка, спорт тематикаларында ар түрдүү сабактарды өткөрүүнү баштаганбыз. Негизи даярдык иштерибиз апрель, май, июль, айларында башталат. Жакында программага ылайык буга чейин балдар, ата-энелер эмнени үйрөнө алышты, анын жыйынтыгы катары баарын бир жерге чогултуп көрөлү деп турабыз. Ата-энелер балдарына болгон мамиле 80 пайызга өзгөргөнүн айтышты.

Ак-Бата жаңы конушунун жашоочусу Айжамал АСАНОВА:

– Эки балам бар, улуусу ушул окууларга абдан кызыгат. Тиги жакта балдар өзүнчө бөлмөдө ойношот, бийлеп, ырдашат. Көп нерсени үйрөндүк. Балам сүрөт тартканга кызыга баштады. Ырлар-ды жаттап, тартынбай ырдап калды. Үйдөн бир-демкени айтса урушуп, бар ары деп койгон туура эмес экенин билдик. Баланы ушул жашынан туура багыт берип тарбиялаш керек экен. Биз дагы бал-дарыбыз менен бирге жомок китеп окуп, бешик ырларын жаттап калдык. Көрсө өзүбүзгө деле көп билим жетишпейт экен.

Биздин Ак-Батада бала бакча жок, кыйналып келебиз. Шаарга караганда Лейлекте үч кабаттуу мектеби, жаңы салынган бала бакчасы бар. Эми кайра айылга кетели деп жатам. Жолдошум болбой Бишкек жакшы деп келгенбиз, ишине байланыштуу, кайра айылга барып үй салып, балдарыбыздын келечегин айылдан эле түзөлү деп калдык.

Ак-Бата жаңы конушунун жашоочусу Айнура МУРАТОВА: 

– Менин төрт балам бар. Роза Отунбаева фондунун көчмө окууларынан калбай активдүү катышып келем. Ар бир келгенибизде балдарым менен чогуу кызыктуу. пайдалуу нерселерди үйрөндүм. Биз баланын суроо талаптарына жооп берүүдө кыйналчубуз. Көрсө баланы билбейм деп түртүп койбой, билбегенин үйрөткөнгө аракет кылыш керек экен. Балам азыр мектепке бара элек болсо дагы, ырдаганга, бийлегенге кызыгып, ар кандай интерактивдүү оюндар аркылуу көптү үйрөндү. Эртең менен тишти, колду жууйлу деп кайра мага үйрөтө баштады. Өткөндөгү бешик ыры конкурсу дагы чоң таасир калтырды. Көрсө баланы кыйнап уктатып койбой, ага бешик ырын ырдап берүү керек экен. Азыр балам ошону ырда деп суранат же дискти коюп берем. Абдан кызыгып угат. Жаңы конуштан биз үчүн шаардын борборуна барып балдарды окутканга шартыбыз жок, мындай көчмө окуулар абдан эле пайдалуу болду. Тил боюнча курстарга алып барайын десем, акчасы кымбат болууда. Бекер окуткан мугалимдер болсо деген тилекти фондго айтып, жардам сурадым, таап берели дешти. Р.Отунбаева фондуна ыраазыбыз, ушундай окууларды дагы уланта беришсин.