ЖЭБдеги кырсыкка байланыштуу айрым өкмөт мүчөлөрүнө сөгүш берилди

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругу менен түзүлгөн Бишкек шаардык ЖЭБде штаттан тышкаркы кырдаалдын пайда болуу себептерин аныктоо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын корутундусунун негизинде. тапшырылган милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн бир катар кызматтык жактарга катуу сөгүш жарыяланды. Тийиштүү буйрукка, 10-апрелде Сапар Исаков кол койду. Бул тууралуу Өкмөттүн Аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланышуу боюнча бөлүмү билдирди.

Буйрукка ылайык, катуу сөгүш төмөнкүлөргө:
— Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Рыскулов Уланбек Дуулатовичке;
— Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Оморов Азамат Каныбековичке;
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директорунун орун басары Жусуев Болот Амановичке жарыяланды.

Белгилей кетсек, кечээ ушул эле комиссиянын корутундусунун негизинде өкмөт башчы Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду «Улуттук энергохолдингдин» уставына ылайык чыгарган чечимдин жана иштен кетүү тууралуу жазган өз арызынын негизинде Калиевди кызматтан бошоткон.