Жыландын сүйүүсү (1-2-китеп)

Жыпар ИСАБАЕВА, «Кыргыз Туусу»

Буга чейинкисин бул жерден окуңүздар

Жакында “Жыландын сүйүүсү” китебинин  уландысын, тактап айтканда  3-китебин  жарыялайбыз. Ага чейин сайтыбыздан 1-2-китебин окуп турсаңыздар болот.

Андан кийин канча жолу жай менен күз алмашып, канча жолу жер бетин ак кар басып, канча жолу жаз келди. Кызмончок кер маралдай керилген, келишимдүү кыз болуп чыга келди. Энесинин “жеңилин – жерден, оорун – колдон алган” жароокер, күйүмдүү болуп өстү. Сырга да ар убак көз тийбесин, сөз тийбесин деп, кудайдан башка шыпаа жок экенин билсе деле кызына көз мончок, тумар тагып, убара боло берчү.

Бөтөнчө жагымдуу кулк-мүнөзү, сулуулугу жана да табышмактуу, сырдуулугу менен Кызмончок айылдыктардын оозунан түшчү эмес. «Кызмончок!» – дегенде, айрыкча менменсинген жигиттер менен жаңы эле эрезеге жете баштаган боз балдардын жүрөктөрү «зырп!» эткенин айт. Бирок алардын баарына тең кайдыгер. Атүгүл, кошунанын бири-бирин тирей өсүп, жигиттик каада күтүп келаткан баягы эки уулу тең Кызмончокко көз кырын салып, бири-биринен кызганып, бала корозчо кээде тирешип барып токтошот. Уулдарынын ошонусун байкаган энеси:

– Ааламда Асылбектин жылан кызынан башка кыз түгөнүп калыптырбы?! Эсиңерде болсун, куттуу үйүм ө андай неменин аягын аттатпайм! Зымырайып, зымпыйып койсо эле көзүңөргө айпери көрүнүп жатабы?! Ажыдаар деген ошентип арбайт! – деп ар убак башкалар да уксун дегенсип, атайылап эле үнүн бек-бек чыгарып айтат.

– Апа, акырын сүйлөңүзчү, угат… – дейт андайда Бектемирдин чый-пыйы чыгып.

– Уксун! Ошо уксун деп айтып жатам! Алардан коркок-билиш болгудай мен эмне!.. – деп Сайра ансайын чамгарактап кетет. Бечара Бектемир кирерге тешик таппай калат. Атургай апасынын ушундай ажаандыгы үчүн өзүнөн-өзү уялат. Чынтемир гана агасына: «Ушундай болмок сага! Ии, ук эми!» – дегендей мыйыгынан жылмайып, кекээрлей жылмаят.

Анткенинин жөнү боло турган. Өгүнү суу алганы булакка бараткан Кызмончокко аңызга ат тушап келаткан бир туугандар кезигип калышкан. Качан кыз чакаларын толтуруп, апкөчүн мойнуна илгенде Чынтемир агасынан биринчи озунуп жетип:

– Берсең, мен көтөрүп алайын, – деген.

– Жок! Мен өзүм эле… Рахмат! – деп койгон кыз. Бир топко чейин үчөө унчугушпай, катарлаш басышкан. Кыздын суу көтөргөн ийиндери талып, тыныгар убактысын күтүп келаткан Бектемир:

– Кызмончок, берчи мен көтөрүп алайын? – деп жолун торой калган. Чындап эле эки ийни тызылдай баштаган кыз бу жолу «жок» дей албай чакаларын берип, өзү аларды жандай баскан. Кызмончоктун кыпкызыл көйнөгү ошондо батып бараткан күндүн кызгылтым нуруна ого бетер жарашып, сыдырым желге саамайлары сеңселип, ирмеген сайын узун кирпиктери күн жебесиндей куюлуп, өзгөчө сулуу, ажарлуу болчу. Көзүнүн кыйыгынан ушулардын баарын байкап келаткан Чынтемир ичинде кызга таарынып, ызаланып: «Мени кичинекей деп ойлоп жатасың го?! – деп келаткан, – Ишенгениң Бектемирби?! Эгерде бир тууган агам болбогондо, азыр сенин көзүңчө көтөрүп чаап, чаңга оонатып туруп чакаларыңды башына кийгизип салмакмын! Көрөт элем ошондо!..»

Башын шылкыйтып, бирок буларды көзүнүн төбөс үнөн тиктеп, буркуюп келаткан баланын ойлорун окуп алгансып, кыз ага күлүмсүрөй караган. Анткен менен Кызмончок кошуна балдардын антип, артынан акмалап жүргөнүн каалачу эмес. Тек гана эч ким менен жолукпай, эч ким менен сүйлөшпөй, жалгыздап жүргөндү жакшы көрчү. Эс киргени курбулар менен шыңкылдашып, ойноп-күлүп көргөн эмес. Болбосо, ар бир үйдүн бой жеткен кыз-уулдары айдын жарыгында маңдайкы жайык төштүн бетинде акчөлмөк ыргытышчу. Ара чолодо уй мүйүз тартып отура калышып, «шакек салмай» ойношуп, анан селкинчек тебишер эле. Айрыкча кайым айтыш, арзуу ырлары айдарым жел менен алыс-алыс оболоп, үркөр жылдыз ылдыйлаган маалда анан ата-энелер айгай салып, кыз-уулдарын чакырчу. Андайда айылдын сак кулак иттери да абалап үрүп… Бирок булардын бири да Кызмончокту алаксытып, азгыра алчу эмес.

– Кызым, сен деле барып ойносоң боло? – дечү апасы гана чын дилинен.

–Баргым келген жок. Андан көрө атамдан күү үйрөнүп, комуз чертейинчи, – дечү да атасынан күү угуп, буга чейин өзү эле карап отуруп үйрөнүп алгандарын кайрып, кыңгырттата жаңы ыргактарды курап, анысын кайра-кайра кайталап ойночу. Кудум атасындай көздөрүн жумуп, кандайдыр бир сырдуу, сыбызгыган күүгө кулагын төшөчү. Жыланды күтчү, үйдөн чыкса эле Жан аны таппай калчудай сезилчү. Жан да капыл-тапыл, кайдан-жайдан бар боло калчу. Кызмончок көбүнчө анын жанында, жакын эле арада жүргөнүн сезип, шыбыртын туйчу. Көпчүлүккө аралашпай, оюн-зоокко катышпай, ээндеп жүргөнүнүн бир себеби ошол. Кызмончок улам бой жеткен сайын ата-энесинин жүрөктөрү түпөйүл. Кызынын ушак- айыңдан арылып, өз теңин таап, бактылуу болушун тилешет. Айрыкча, Асылбек кээ бирде оюнун аягына чыга албай кетет да, кызына билгизбей жыланды жанчып, быт-чытын чыгарып салгысы келет. Сырганын гана чырылдап, арага түшкөнүнөн калат. Элдин кеп-сөзүнөн улам, анын үстүнө Бүбү эненин баягы: «Баары чаташып калгансыйт… Капырай!.. Акыры  ушундай болмок тура… » – дегенин эстеп, эмнегедир бүдөмүк ой жүрөгүн эзет:

– Айт, жыланга! Кетсин! Көзүмө көрүнбөй кетсин! Болбосо!.. – деп кызына ачууланганын Жан канча ирет өз кулагы менен уккан. А бирок Асылбек жыланды өлтүрө да албайт эле. Анын үстүнө Бүбү эненин өлөр алдында төшөктө жатып дагы бир айтканы бар…

Жүз он бешке чыккан байбиче көптөн бери төшөктө болчу. Муун-жүүнү бошоп, алсыз жаткан. Антсе да кирип-чыккандардын эсебин билип жаткандай,  арасынан бирөөнү  издегендей,  ким-кимисине үңүлө карап, кайра чыгып баратканда да ошентип узата карап жатты. Ушундай күндөрдүн биринде таң эрте ал-акыбалын сурап кирген Асылбек менен Сырганы тааныган. Жыгачтай тарбайган алсыз колун менен Асылбектин билегине коюп, бир нерсе айта албай жаткандай көпкө кыйналып жатып, акыры күч-кубатын жыйнап, акырында араң:

– Тий…-бе! – деген шыбырап. Асылбек Сырганы караган. Кеп төркүнү башкаларга табышмак бойдон калып, экөө гана эненин эмне жөнүндө айтып жатканын түшүнүп, Асылбек «макул» дегендей башын ийкеген. Ошондо гана эненин жүзүнө бир аз кан жүгүрүп, тамылжый түшкөнсүгөн. Жаны жай ала, денеси тердеп, көзү илинип кеткен

Ошонун эртеси таңазан айылдан өкүрүк чыгып, ый угулган.

– Асылбек, турчу! Тигил апа кайтып кеткен окшойт! – деп шашылып кийине баштаган Сырга, Кызмончоктун жаздыгынын башында оролуп жаткан жыланды көрүп, күндүз көрүнбөй калганы менен түндөсү келип жүргөнүн түшүнгөн.

(Уландысы бар)

One thought on “Жыландын сүйүүсү (1-2-китеп)

Комментарии закрыты.