Станалиевдин жарыгы көп адамдарга тийди,бирок анын өзүнө жарык тие элек

Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, «Кыргыз Туусу»


КР УИАнын жыйындар залында жазуучу-акын, сынчы, адабиятчы Самсак Станалиевдин залкар жазуучу Чынгыз Айтматовдун өмүрү, чыгармачылык жолу, тагдыр-турмушу, ал жашаган тарыхый мезгилге арналган үчилтик романынын бет ачары болуп өттү.

Академик Мелис Акматалиев бүгүнкү күндө  адабият  таанууда  “Айтматовтаануу” деген багыт бар экенин, улуу жазуучунун чыгармалары Чыңгыз Айтматов адабият дүйнөсүнө келгенден адабиятчылардын кызыгуусун жаратып, адабий иликтөөлөрдүн объектисине айланганын, Айтматовго жана анын каармандарына арналган ырлар жазуучунун көзү тирүүсүндө эле жазыла келгенин, көзү өткөн соң, атайы жыйнак болуп чыкканын, Айтматовго арналган поэмалар, драмалар бар экенин баса белгилеп, эми Чыңгыз Айтматов тууралуу роман жаралганын, болгондо да үчилтик роман жазылганын, чыгармада өткөн кылымдын 60-жылдарынан 2000-жылдарга чейинки кыргыз улуттук адабий процесс Айтматовдун образы аркылуу чагылдырылганын жана ал чыгарманын автору жазуучу Самсак Станалиев өз максатына жеткенин билдирди.

“Самсак Станалиев көп жылдардан бери адабият тарыхын изилдеп келаткан, энциклопедиялык билими, эс тутуму бар жазуучу. Жалпак тил менен айтканда, кыргыз адабиятынын санжырасын да, летописин да, жыл наамасын да, Касым Тыныстановдон Мелис Акматалиевге, андан кийинкилерге, атүгүл жаңыдан жазып келаткан талапкерлерге чейин мыкты билет. “Акжарыктын айыкпаган сыныгы” тарыхый-биографиялык үчилтик романында Чыңгыз Айтматовдун жаркын образы аркылуу кыргыз адабиятынын тарыхы, улуу жазуучунун М.Ауэзов, А.Твардовский, К.Юдахин, С.Каралаев, А.Токомбаев, Т.Сыдыкбеков, С.Эралиев, С.Жусуев, К.Асаналиев, Т.Касымбеков, А.Жакыпбеков, К.Акматов, Т.Океев,  С.Чокморов,  Б.Шамшиев  өңдүү замандаштары  менен  болгон  сый  мамилеси ар тараптуу, чынчыл, калыс көркөм шөкөттөлгөн. Үчилтик роман кара сөз менен жазылган менен, аны кара сөздөгү ыр, эпос десек болот”, – деген Мелис Абакиров “Акжарыктын айыкпаган сыныгы” тарыхый-биографиялык үчилтик романын кыргыз адабиятында бурулуш жасаган чыгарма катары баалады.Кыргыз  улуттук  жазуучулар  союзунун төрагасы, акын-жазуучу Акбар Рыскулов кыргыз улуттук адабий процесси тынымсыз жүрүп жатканын, улуттук көркөм аң-сезим жаңы бийиктикке көтөрүлгөнүн, улам жаңы бийиктиктерге чабыттап жатканын, “Акжарыктын айыкпаган сыныгы” өңдүү тарыхый-биографиялык үчилтик романдын жаралышы жакшылыктын жышааны, изги ойлордун кабарчысы экенин белгиледи.

“Акжарыктын  айыкпаган  сыныгы”  тарыхый-биографиялык үчилтик романынын бет ачарында китептин жарык көрүшүнө демилгечи болгон Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков да сөз сүйлөп, “Касым Тыныстанов (Чагылгандын көз жашы)”, Жоомарт Бөкөнбаев (“Жылдын эң узак күнү”) өңдүү залкар инсандар тууралуу эң сонун романдарды жазган жазуучу Самсак Станалиевдин ушул мезгилге чейин Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу наамын албай келатканы адилетсиз экенин белгилеп, Чыңгыз Айтматов тууралуу “Акжарыктын айыкпаган сыныгы” тарыхый-биографиялык үчилтик романы Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыкка татыктуу чыгарма экенин жана жазуучулар бул демилгени колго алуу керектигин сунуштады.

Китептин жарык көрүшүнө дем бергендердин дагы бири, КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил комиссиясынын жооптуу кызматкери Аалы Молдоканов жазуучу Самсак Станалиевдин жарыгы далай адамдарга тийгенин, бирок ал адамдардын жарыгы Самсакка тийбегенин, 1972-жылы шаарга келсе да, ошондон бери эмгиче үйгө жетпей келатканын, залкарлардын элесин өлбөс-өчпөс кылып жараткан жаратман калемгердин үйү жок экенин чоң кейиш менен белгиледи. Айтымда, С.Станалиев “Касым Тыныстанов (Чагылгандын көз жашы)” романы жарык көрүп, анын бет ачары болгон-до ошол кездеги КРнын мамлекеттик катчы-сы, ошол кездеги Билим берүү министри, ошол кездеги КР Президентине караштуу Мамлекет-тик тил комиссиясынын төрагасы жазуучуга үй берүү керектигин айтып, демилге көтөрүшкөн экен. Тилекке каршы, айтылган сөз айтылган жерде калыптыр. “Самсактын көздөй болгон калемдештери, анын талантынын дараметин билген адамдар мамлекеттик чоң кызматтарда иштеди. Бир үйлүк эмес, андан чоң, мамлекеттик маселелерди чечип турду, бирок ошол Самсак Станалиевди тааныган-билген адамдардын жарыгы Самсакка тийбеди” деп кейиди Аалы Молдоканов.