Тапканың анча, тартканың канча, мигрант?

Вера БЕДЕЛБЕК, «Кыргыз Туусу»


Кыйырга тараган кыргыз мигранттарынын тагдыры жалпы кыргыз коомчулугун тынчсыздандырбай койбойт. Анткени чет жерде иштеп жүргөн мекендештердин арасында бирөөнүн бир тууганы же баласы-кызы болсо, бирөөнүн атасы же энеси эмгектенип жүрөт. Жумушсуздуктун айынан үй-бүлөсүн багуу аракетинде чет өлкөгө бир эле айылдан кеткендердин саны ондоп саналат. Алардын көпчүлүгү чет жерде тил билбегендиктен өз укугун коргой алышпай кыйынчылыктарга туш болушат.

Келегой деп күтүп алмай жок

Алар баргандан кийин жумушка орношууда документтерди  даярдоо  менен  шугулданган жарандар тарабынан алданган, мыйзамдарды жакшы билишпегендиктен, жумуш таба албай акчасы жок, өз өлкөсүнө келе албай, көчөдө калган, аргасыздыктан кылмыш иштерине кириптер болгон жана жергиликтүү эл тарабынан жалган жалаа менен акча каражатын тарттырып жиберген, ур-токмокко алынган учурлар кездешет.

Чет  жерде  паспортун  алдырып, 14-16 сааттан иштеген, кулчулукка  сатылган  мекендештерибиз да жок эмес. Казакстанга жазгы жана күзгү талаа иштери маалында иштегени барып, иш берүүчү тарап алардын паспортун алып, өзүлөрүн кулга айлантып, жер төлөдө жашатып, иштеткенин эч ким тана албайт. Бул маселени чечүүдө кыргыз Өкмөтү, Жогорку Кеңештин депутаттары жана Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы мекендештерибиздин тагдырына кайдыгер карабай, кийлигишип жатып, бир нече жарандарды чыгарган. Өткөн жылда араб өлкөлөрүндө бир шейхтин сарайында 80ден ашуун кыз-келин болсо,  анын  32си  кыргыз  кыздары  экени басма сөздө жазылып да, айтылганы менен алардын тагдыры кандай чечилгени коомчулукка  белгисиз  боюнча  калды.

ЕАЭБке киргенибиз менен Россияда жумушка орношууда жумуш берген тарап менен эмгек келишими түзүлбөй “кара тизмеге” илинип калган 270 миң кыргызстандык бар. Ал эми мыйзамды билбей “кара тизмеге” илинип калган жарандар кайра ал мамлекетке кирүү укугунан ажырап, депортацияланат.

Чет өлкөдөгү кыргыздар канча?

Өкмөткө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын эмгек миграция бөлүмүнүн башчысы Улан Шамшиевдин “Кыргыз Туусу” басылмасына берген маалыматы боюнча кыргыз мигранттарынын жалпы саны 800 миңден ашат, алардын 640 миңи Россия Федерациясында, 35 миңи Казакстанда, 30 миңи Түркияда, 5 миңи Түштүк Кореяда, 5 миңи Италияда, 5 миңи Германияда болсо, 5 миңи Араб өлкөлөрүндө. Америка Кошмо Штатында иштеп, билим алып, жашап жаткандардын саны 15 миңге жетет. Ошондой эле Европа өлкөлөрүнүн башка мамлекеттеринде да иштеп, жашап жаткандар бар. Кыргызстандан жылына 50 миңден ашуун адам иш издеп сыртка чыгышса, алардын 80 пайызы Россияга, 10 пайызы Казакстанга жана калганы башка өлкөлөргө чыгышат. Эл аралык адам укугу боюнча эксперттердин  корутундусуна  таянсак, Кыргызстандан чет элге иштегени кеткен жарандардын ичинен аялдар 40%ды, эркектер 60%ды түзөт. Ал эми Өзбекстан менен Тажикстандан миграциялангандардын ичинен аялдар 20%ды, эркектер 80%ды түзөт.

Экономикабызга кошкон салымы

Бүткүл дүйнөлүк Банктын маалыматы боюнча кыргыз мигранттарынан Кыргызстанга түшкөн пайда салыштырмалуу бир жылдык ички дүң продукциянын 30 пайызын түзөт. 2017-жылга карата Кыргызстанга мигранттар тарабынан которулган акча каражаты 2 миллиард доллар болсо, бул көрсөткүч азыркы мезгилде 2 миллиард 485 миллион. Мигранттардын ичинен чет элдеги кыйынчылыктарга чыдап, маңдай тери менен иштеп тапкан каражатына өз мекенине кайтып келгенден кийин тур-муш шартын оңдоп, жеке ишкерлик менен алектенгендери да арбын. Алар өзүлөрүнүн турмуш шартын жакшыртуу менен бирге мамлекетке акча котортуп экономикабызга пайда келтирип жатышат. Андан сырткары чет элдеги белгилүү корпорацияларда эмгектенип, кыргыз элин чет жерге тааныткан жарандарыбыздан да уучубуз куру эмес.

ЕАЭБ өлкөлөрүндөгү жеңилдиктер

ЕАЭБге киргенден тартып биздин жарандар, биримдикке кирген мамлекеттерде 30 күнгө чейин каттоосуз жүрө алышат. ЕАЭБ мамлекеттеринде иштеген кыргыз жарандары медициналык жана социалдык камсыздандырууну колдонуу укугуна ээ. Мындан сырткары ЕАЭБ аймагында жогорку билими тууралуу биздин дипломдор кабыл алынат жана кошумча сынак берилбейт.

Россия Федерациясынын аймагында иш-теген кыргыз жарандары мурда 33% кире-ше салыгын төлөсө, азыр Россиянын жа-рандары сыяктуу эле 13% киреше салыгын төлөшөт. Мекендеш айдоочуларга ата мекендик айдоочулук күбөлүгү менен коомдук жайларда унаа башкарууга мүмкүндүк берилген. Ошондой эле мигранттарды пенсиялык төлөмдөр менен камсыз кылуу маселеси каралууда.

Чет элде иштеп, баар тапкандар

Кыргыз  эли  табиятынан  кайратман,  сабырдуу  эл.  Ошондуктан кыргыз  кайсы  мамлекетке  барбасын бат  эле  жергиликтүү  элдин  тилин,  маданиятын өздөштүрүп, ыңгайланышып кете алат.

Окумуштуу илимпоздорубуз Америка, Кытай, Корея, Индия, Англия, Монголия жана башка Европа өлкөлөрүндөгү жогорку билим берген окуу жайларда дарс окуп, билим берген учурлары кездешет. Чет өлкөлөрдө жогорку окуу жайлардан билим алып, тил үйрөнүп, чет элде иштеп келаткан жаштарыбыз да жок эмес. Дүйнөлүк бренд корпорациялардын катарына кирген “Samsung”, “Google”, “Microsoft”, “Nestle” жана башка компанияларда, Казакстан-дагы Азиялык банкта жана Швейцариялык банкта жетекчи болуп иштеген мекендештерибиз бар.

Өз мекенине кайтпай калгандар

Өлкөдөгү жумушсуздуктун айынан чет мамлекеттерде иштеп, бала-чакасын багууга акча табам деп кеткен жарандарыбыздын арасынан ар кыл кокустуктардан улам өз мекенине кайтпай калгандары жүздөп саналат. Буга чейин Россияда жабык тигүү цехинде иштеген ондон ашуун кыргыз кыз-келиндери өрттөн каза болушту. Ошондой эле жумуш учурунда коопсуздук эрежелери сак-талбай ар кандай кокустуктардан өлгөндөр жана денесинен жаракат алгандар да арбын. Мамлекеттик миграция кызматынын маалыматы боюнча өткөн жылы сырттан каза болуп келгендердин саны 274. Бул маселе тууралуу “Мекен Ынтымагы” партиясынын лидери Темирбек Асанбеков менен маектешкенибизде, расмий эмес булактар боюнча буга чейинки жылдарда бир жылда каза болгондордун саны 400 кишиге чейин жеткенин айтты. Ал мындай маалыматты Россияда жашаган кыргыз жарандарынан уккан. Россияда бир учурда “такырбаштардын” (скинхеддер) жүрүштөрүнөн улам өлүмгө дуушар болгон, Түркияга иштейм деп барып, күч колдонулуп сабалган кыз-келиндер жана алардын каза болгондору да маалым. Америкада иштеп, жашап жүргөн Асылбек Солтонбеков Техас штатында киши колдуу болуп, сөөгү Кыргызстанга келбей, ошол жакта көмүлгөнүн ата-энеси  көздөрүнө  жаш  алуу  менен эскерет.

Чет жерде ар кандай кырсыктардан улам өлүмгө дуушар болгон кыргызстандыктардын сөөгүн мекенибизге алып келүүдө алардын  жакындары  акча  каражатынын тартыштыгы менен документтерин даярдоодо көптөгөн кагаздарды толтурууга дуушар болушат. Быйыл Мамлекеттик миграция кызматынын жаңы долбоорунун негизинде чет элде каза болгон кыргызстандыктардын сөөгүн алып келүүгө 50 миң сом акча каражаты каралган. Буга  чейин  чет  элде  каза  болгондордун жакындарынан 51 арыз келип түшүп, 1 миллион 760 миң жөлөк пул төлөнүп берилген. Бул да болсо, Кыргыз Өкмөтүнүн мындай кадамы өз жарандарынын таг-дырына  кайдыгер  карабагандыгынын натыйжасы.