12-апрелге карата аба ырайы

12-апрелде жаан-чачын болбойт. Бийик тоолуу жолдорго муз тоңот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 5-10 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 1…6, күндүз 15…20,

Талас жергесинде түнкүсүн 0…-2, күндүз 15…20,

Ош, Баткен жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 2…7, күндүз 16…21,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -1…-6, күндүз 12…17,

Нарын облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз 12…17,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -15…-20, күндүз 2…7.

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 1…3 градус, күндүзгү жогорку температурасы 18…20 градус жылуу болот.