Бүгүн Бишкекте ысык суу бир айга өчүрүлөт

Бүгүн, 22-майдан тартып Бишкекте ысык суу бир айга өчүрүлөт. Бул тууралуу «Бишкекжылуулук» ишканасы билдирген

Ысык суу жыл сайын алдын алуу иштерин жүргүзүү жана жылуулук тармагын жылытуу сезонуна сапаттуу даярдоо менен камсыздоо максатында өчүрүлөт.

Белгилей кетсек, буга чейин ысык суу 10-майда өчүрүлүп келген. Быйыл жарандардын жана социалдык мекемелердин көптөгөн кайрылууларына байланыштуу, андан тышкары мектептеги тамак берүүнү уюштуруу жана медициналык мекемелерге көрсөтүлгөн санитардык-гигиеналык талаптарды эске алуу менен ысык сууну өчүрүү  22-майга жылдырылган. Ысык суу шаардыктарга 22-июнда берилет.