Кырк миң унаага ылайык шаарда 420 миң унаа

Вера БЕДЕЛБЕК, “Кыргыз Туусу”


Бишкек шаарындагы автоунаа тыгындары барган сайын көбөйүп, ыңгайсыздыкты жаратып жатканына коомчулук күбө. Статистикага таянсак, учурда Бишкекте 420 миңден ашуун автоунаа катталган. Ал эми борбор калаабызга сырттан 180 миңдей автоунаа кирип чыгат. Бишкек шаарынын жолдору 40 миң унаага ылайыкталган. Көчөлөрдөгү жол чырактардын иштебей калуусу, жол боюнда токтотулган автоунаалар, ремонт иштеринен улам жолдордун жабылышы, чырак иштеп турса да жол кыймылын жөнгө салган МАИчилер өзүлөрү автоунаа тыгындарынын болушун шарттайт.

Кыргызстан КМШ өлкөлөрүнүн ичинде  автоунаалардын  көптүгү  боюнча алдыңкы орунда турат. Мамлекеттик каттоо кызматынын билдирүүсү боюнча өлкөдө 1 миллион 136 миң унаа катталган. Учурда жумушуна ар бир үч жарандын экөөсү өздүк автоунаасы менен барат. Жол боюна токтотулган автоунаалар жөө жүргөн адамдарга, жолдо бараткан унаага да жолтоо болот. Буга чейин “Өнүгүү” партиясынын лидери Бакыт Төрөбаев депутаттыкка аттанаарда жол боюнда токтотулган автоунааларга парковка куруу боюнча долбоор айтып, ал айткан убадасы депутат болгондон кийин аткарылбай унутулуп калды. Бишкектеги автоунаалардын көптүгүнөн, кээ бир көчөлөрдөгү жолдордун талапка жооп бербегендигинен жана айдоочулардын жол эрежелерин бузгандыгынан улам, былтыр Бишкек аймагында 2289 жол кырсыгы катталып, 69 адам каза болуп, 1139дан ашуун киши жаракат алган.

Жүргүнчүлөрдү ташыган маршруттук таксилердин кээ бир айдоочулары бири-бири менен жарышып, жүргүнчүлөр батпаса да толтура салып алып айдаган учурлар кездешет. Маршруттук таксилердин башка автоунаалар менен кагылышканы, адамды сүзүп кеткен учурлары да көп. Жол эрежесин бузуу, шаар ичинде катуу ылдамдыкта айдоо, каршы тилкеге чыгып айдоо сыяктуу тобокелчиликтер адам өмүрүнө түздөн түз коркунуч жаратат. Анын натыйжасында каза болгондор да бар. Мындай көрүнүштөрдөн улам шаарда автобус менен троллейбустардын санын көбөйтсө жана алардын каттамдарын шаардын дээрлик бардык көчөлөрүндө камсыздаса, шаар тургундарына жол жүрүүдө жеңилдик түзүлмөк.

Бишкек мэриясы миңдеген маршруттук таксилерге элди көз каранды кылбай, шаар тургундарын ташый турган автобус, троллейбустарды алуу маселесин тез арада чечиш керек. Ал эми маршруттук таксилердин айдоо-чуларынын иш таштоосу шаар тургундарын кыжырлантып, эл арасында “Автобустар көп болсо, ошол маршруттук таксилерди чыгарбай деле коюшса болот эле. Алардын кожоюндары менен иш алып барыш керек. Бул акция жөн жерден чыккан жок. Үлкөндөрдүн тиреши да себеп болушу мүмкүн. Бул азыркы бийликке карата атайын жасалган иш ара-кет”, – деген божомолдор айтыла баштады.

Калаадагы жол тыгынын жоюу үчүн аль-тернативалык жолдорду куруу, кеңейтүү, жер алдына жана кабаттуу парковкаларды куруу жана жол тыгындарын шарттаган жагдайларга чара көрүү маселеси тез арада мамле-кеттик деңгээлде каралып, чечилиши керек.

Адистердин маалыматы боюнча калктын са-ны миллиондон ашса, ал шаарга метро курса болот. Учурда Бишкекте бир жарым миллиондон ашуун калк жашайт. Же тыгын жаралган негизги жолдордо эки кабаттуу жол-дорду куруу учур талабы. Шаар тургундары мындай жагдайда дагы канча мезгилге чейин жашайт?