Актер, Өмүрбек ИЗРАИЛОВ: «Дарак ыры» аркылуу мен чоң секирик жасадым»

Анара АРЗЫБАЙ кызы, “Кыргыз Туусу”


Ушул тапта “Дарак ыры” тасмасы дээрлик бардык күйөрмандардын купулуна толуп, аны жаратуучулары кино сүйүүчүлөрдүн мактоосу менен алкышына арзып турган чагы. Мына ушул фильмде эң башкы каармандын, тактап айтканда Эсендин ролун аткарган жигит – Өмүрбек Израилов бүгүн биздин маек төрүбүздүн кадырлуу коногу болмокчу. Өмүрбек Израилов учурда Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театрында иштейт. 4 жыл мурун дал ушул эле театрдын алдындагы театралдык окуу жайды бүтүргөн. Буга чейин бир нече кинолордо тартылган. Бирок, коомчулукка “Дарак ыры” тасмасы аркылуу кеңири тааныла баштады.

– Өмүрбек, сөздү “Дарак ырына” кантип тартылып калганың тууралуу баштасак?

– Жакшы болот. 2017-жылдын жай айларында аталган фильм боюнча актерлор-ду тандоо туру болорун угуп калдым. Алгач, кастингдин талаптарын угуп таң калып койгом. Анткени, жарыяда ырдай билген актерлор же актердук чеберчилиги бар ырчылар, ошондой эле каскадерлор чакырылыптыр. “Айтыш фильм” киностудиясында иштеген Нурбек деген байкенин чакыртуусу менен мен да кастингге барып калдым. Айбек байке менен ошол жерден тааныштым. Ал киши мага Эсендин ролун сунуштады. Кастингде ойнолчу эпизоддун сценарийин окуп чыктым да, ойноп көрдүм. Кудайым буйруп өтүп кеттим.

– Режиссер башкы каармандын образын ачып берчү актерду аябай көп убакыт  издегенин  айткан, баш-аягы кастингге канча бала  катышканын  билесиңби?

– Кастинг өзү 2,5 ай убакытка созулду. Мен келгенден кийин эле Эсендин ролуна 30-40тай талап-кер келип жүрдү.

– Айбек Дайырбеков эм-не үчүн сени тандады деп ойлойсуң?

– Билбейм. Чынында эле эмнеге мени тандады экен деп азыр өзүм да ойлонуп калам. Балким, жакшы ырдаганым үчүн, балким, мыкты актердук чеберчилигим үчүн. Кинону көргөн болсоңуз, башында тасма Эсен Дайырбековдун жаркын элесине арналат деп жазылат. Балким, ошол Эсен атага кандайдыр бир окшоштугум болгондур…

– Тасмада бир эмес эки жолу аттан кулайт экенсиң, өзгөчө жардын боюнан ат менен кошо кулаганың мен үчүн коркунучтуу болду.  Бул  кадрлар  кантип тартылды? Монтаж эмеспи?

– Жок, монтаж эмес. Булар чыныгы жана бир дубль менен тартылган кадрлар. Бирок, ат ме-нен кошо мен кулаган жокмун. Бул эки трюкту Үсөн Кудайбергенов атындагы каскадерлор тобунун балдары аткарып берди.

–  Өгүз  сени  бир  нече ирет көтөрүп чаап, камчы менен сабайт экен, кино  тартылып  бүткөнчө жаракат алган жоксуңбу?

– Кудайга шүгүр жаракат алган жокмун. Бирок, физикалык жактан оор болгон кадрлар аябай көп болду. Ошол эле Өгүз артыбыздан жетип барып сабачуда, камчыдан коргой турган кийими жок ойноп бердим. Андан сырткары, күрөшкөндө далай жолу көтөрүп чабышты. Айбек байке айтмакчы, мен кинонун 80 пайызында таяк жеп жүрдүм. Ошентсе дагы, ишеничти актоого аракет кылдым.

– Моралдык жактан кыйынчылык жараткан учур болдубу?

– Сценарийди окуп чыкканда эле, апам менен болгон диалог жүрөгүмдү тызылдатып койгон. Дал ошол эпизодду ойноо мен үчүн оор болду. Анткени, кинонун аягына чейин бир да бир апам менен сүйлөшпөйм. Акырында баласынан айрылып жинди болуп калганда астына келип сүйлөшкөн жерим бар. Ушул жерди аткаруу эмнегедир татаалдай сезилди.

– Фильмдин кино театрларда көрсөтүлө баштаганына 1 айдан ашып калыптыр.  Ушул  аралыкта жашооңдо өзгөрүүлөр болдубу? Мүмкүн күйөрмандарың көбөйө баштагандыр?

–  Кинону  көргөндөр  мени көчөдөн көрүп, таанып, сүрөткө түшүп жатышат. Актерлук кесип-ке кызыккандары: “Сизден мастер класс алсак болобу?”, – деп сура-шууда. Бул нерсенин баарын мен сырткы көрүнүш катары эле кабыл алып жатам. Ички дүйнөмдө баягы, баштагы эле Өмүрбекмин. Мурда кандай болсом, азыр деле ошондоймун. “Жылдыз” оорусу менен оорубайм деп азыркы учур үчүн жооп бере алам, андай нерсеге жол бербейм. Кийинкини убакыт өзү көрсөтөөр.

–  Биз  сөз  кылып  жаткан тасма,  сага  популярдуулук алып келди деп айтууга болобу?

– “Дарак ыры” менин кино талаасындагы жолумду ачып берди. Чыгармачылык жолумда, бул тасма аркылуу мен чоң секирик жасадым.

– Буга чейин сени “Махабат” тасмасынан көрүптүрмүн.

– Ооба, буга чейин “Кыргыз-телефильм” тарткан “Чак түштө түшкөн чагылган” сериалында Бай-салдын, “Махабатта” Азаматтын жана “Камбаркан” кыска метраждуу фильминде Камбаркандын ролун ойногом. Бирок, эмнегедир, “Дарак ырында” биринчи жолу киного тартылып, биринчи жолу роль ой-ногондой сезимде болдум. Мүмкүн башкы каармандын ролун аткарганым үчүн ушундай таасир калтыргандыр. Анын үстүнө Эсендин образы өзүмө ушунчалык жакты, жакын болду.

– Жакында эле “Рамаяна” спектаклинде башкы каармандын ролун аткарганына күбө болдук, бул роль кандайча сага тийди?

– 2018-жыл мен үчүн абдан жемиштүү жылдардан болду. “Дарак ырынан” кийин эле индия элинин эпосу “Рамаяна” спектаклинде да бакшы каарманды ойнодум. Бизде театрда ролдорду режиссерлор бөлүштүрүп берет. Көркөм жетекчибиз Назым Мендебаиров приказ чыгарып коет. Кимге кайсы роль тийсе, ошону ойной беребиз.

– Өзүң, үй-бүлөөң жөнүндө айтып берсең?

– Мен Талас облусуна караштуу Манас районунун Чоң-Капка айылында 1995-жылы төрөлгөм. Төрт бир туугандын эң кенжесимин. Эки эжем, бир агам бар. Атамдан эрте ажырап калганбыз. Алтындай болгон апам Кулубаева Урпеян 63 жашта. Театрга дайыма келет. Мен аткарган ролдорду калтырбай көрөт. Мактап, ошол эле учурда сындап, түздөп турат. Мен дагы апамды каяка барбайын жа-нымда алып жүргөнгө аракет кылам. Апам менин колдоочум.

– Бир туугандардын арасында чыгармачылыкка дагы ким жакын?

–  Эң  улуу  эжем  Нургүл  жаш  кезин-де комуз чертип, фестивалдарга катышып, Москвага чейин барып келген экен. Кийин айыл жерине турмушка чыгып, ошол бойдон айылда калып калган. Кээде эжем: “Балким, шаарда болуп, окуп, билим алып жолумду уласам, эл артисти болуп калат белем”, – деп тамашалап калганы болбосо, башка бир туугандары, такыр бөлөк тармактарда эмгектенишет.

– Алдыда кандай пландар бар?

– Бир-эки киного тартылуу боюнча сунуштар болуп жатат. Балким, жакынкы ара-лыкта жаңы тасма менен экранга чыгып калышым мүмкүн…

– Сага эркин микрафон.

–  Биринчиден,  элибизде,  жерибизде тынчтык болсун. Экинчиден, эли-журтумду театрга  чакырат  элем.  Кудайдын  кулагы сүйүнсүн, акыркы жылдары жакшы спек-таклдер, кинолор коюлуп атат. Театрга келип жан дүйнөңүздөргө ырахат тартуулаңыздар, театрды сүйүңүздөр!