Тогуз-Торого кошумча милиция жиберилди

11-апрелде Жалал-Абаддын Тогуз-Торо районунда «Жи Эл Макмал девелопинг» компаниясынын ишмердигине каршы жергиликтүү тургундар нааразылыкка чыгышкан. Ички иштер министрлиги акция учурунда аталган ишкананын курулушу бүтө элек имараты өрттөлгөнүн кабарлаган. Чогулгандар тартип сакчыларына да таш ыргытып, Тогуз-Торо райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысынын орун басары, эки милиционер жабыркаганын маалымдалган. Ал күнү тартипти сактоого 80 милиция тартылган.

Жогорку Кеңештин депутаттары да тынчыздануусун билдирип, кырдаалды жайгаруу зарылдыгын билдирип чыгышкан. Бул жагдайга байланыштуу райондун акими Тилек Идирисовду өкмөт башчы кызматтан бошотту.

Кырдаалга байланыштуу аймакка Бишкектен милициянын кошумча күч тобу жиберилгенин «Азаттык» күч түзумүндөгү булактарына шилтеме жасап маалымдады.