Тогуз-Тородогу окуя боюнча милиция кылмыш ишин козгоду

Тогуз-Торо районунда болгон окуя боюнча кылмыш иши козголгонун Ички иштер министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, митинг чыккан аймактагы элге түшүндүрүү иштери жүргүзүлмөк. Бирок ага жеткирбей эле эл комиссия мүчөлөрү менен коомдук тартипти сактап жаткан милицияны көздөй таш ыргыта баштаган. Жаш жигиттер «Джи Эл Макмал Девелопинг» фабрикасынын курулуштарын талкалап, өрт коюшкан.

Учурда аталган факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин 234 (бейбашчылык), 174 (башка бирөөнүн мүлкүн атайылап жок кылуу) жана 233-беренелер (массалык башаламандык) боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Эскерте кетсек, аталган факты боюнча Жогорку Кеңештин депутаттары да тынчыздануусун билдирип, кырдаалды жайгаруу зарылдыгын билдирип чыгышкан. Бул жагдайга байланыштуу райондун акими Тилек Идирисовду өкмөт башчы кызматтан бошоткон болчу.