Кыргызстан курама командасы ФИФА рейтингинде 75-орунда турат
Кыргызстандын улуттук курамасы курама командалардын рейтингинде жаңы рекорд коюп, ФИФАнын тизмесинде 75-көрсөткүчтө турат. Мурда 99-көрсөткүчтө турган (2016-жыл, октябрь).
Тизменин жаңыртылган версиясы бүгүн, 12-апрелде Эл аралык футбол ассациациясы федерациясынын расмий сайтында жарыяланган.
Азия контетинентиндеги мыкты курамалардын рейтингинде Кыргызстан 7-тизмеде турат.
Азияда биринчи орунда Ирандын курамасы андан кийин Австралия, Япония, Түштүк Корея, Сауд Аравия жана Кытайдын курамалары турат.