Бишкектеги соода борбордон миллион сом уурдаган делген киши колго түштү

Бишкектеги соода борборлордун биринен миллион сомдон ашык каражат уурдады делген киши колго түшүрүлдү. Бул тууралуу ШИИБден маалымдашты.

Маалыматка ылайык, өткөн жылдын июнь айында калаадагы соода борборлордун биринде иштеген реализатор кассадан миллион сомдон ашык каражатты уурдап кеткенин айтып, жаран милицияга кайрылган. Анын айтымында айыпкер акчаны кайтарам деп Россияга учуп кетип ошону менен изин сууткан.

Арыз каттоого алынып, аталган факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин 164-беренесинин (уурулук) негизинде кылмыш иши козголгон. Оперативдүү издөө иш-чарасы учурунда 40 жаштагы киши кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.