Ош базарында кайрадан өрт чыкты

Өрт тууралуу билдирүү болжол менен түнкү саат 03:50 чамасында түшкөн. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бул жолу “Ош” базарындагы “Берекет” соода базарында өрттөнүп, таңкы саат 07:40 чектөөгө алынган. Жалпысынан өрттүн жалпы аянты болжол менен 2000 чарчы метрди түзгөн.

Учурда жеринде куткаруучулар өрттү өчүрүү иштерин жүргүзүп жатышат.

Белгилей кетсек, «Ош» базарында буга чейин да эки жолу өрт чыккан болчу.