Баткенде республикалык адабият фестивалы өтөт

Жаш акын-жазуучулардын Эгемберди Эрматов атындагы республикалык адабият фестивалы 24-26-майда Баткен облусунун Кадамжай районунда өткөрүлөт. Бул тууралуу Жазуучулар бирикмесинен билдирди.

Жаш калемгерлерди колдоо максатында уюшулган фестивалга 35 жашка чейинки акын-жазуучулар катышып, алардын чыгармалары окулуп, талкуулар болот.

Иш-чаранын алкагында  байгелер эң мыкты поэзия, эң мыкты проза, эң мыкты адабий изилдөө номинациялары боюнча берилет. Жеңүүчүлөргө «Эгемберди Эрматов атындагы адабият фестивалынын лауреаты» деген төш белги жана акчалай сыйлыктар ыйгарылат.

Кошумчалай кетсек, фестиваль ар бир эки жылда өткөрүлүп турат.